Кызыл-Кыядагы кыйноо: Жабыркаган өспүрүмдөргө 100 миң сомдон төлөнөт

Бишкектин Биринчи май райсоту милиция тарабынан кыйноого алынган үч жабырлануучунун доо арызын жарым-жартылай канаатандырды. Бул тууралуу Кыргызстанда адам укуктарын коргогон «Кылым шамы» фонду билдирди.

Сот отуруму 10-июнда өткөн.

«Биринчи май райондук соту доо арызды үч жабырлануучунун пайдасына жарым жартылай канааттандарды. Доо арыздын суммасы 1 млн 300 миң сомду түздү. Сот ИИМ жана Экономика жана финансы министрлигинен жабырлануучуларга моралдык чыгым катары 300 миң сом өндүрүп берди», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Өспүрүмдөрдү кыйноо иши

2013-жылдын декабрь айында Баткен облусунда бычактан жарадар болуп жол боюнда жаткан адамга тез жардам чакырып бергени үчүн үч өспүрүм адам өлтүрүүгө шектүү болгон.

Кызыл-Кыя ШИИБнин кызматкерлери аларга кылмышты мойнуна алдыртууга аракет кылган. 3-5-декабрь күндөрү өспүрүмдөрдү электрошокер колдонуп кыйнап, өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. Кийин өспүрүмдөрдүн туугандары жана достору прокуратурага кайрылышкан.

Прокуратура кыйноолорду 2014-жылдын март айынын башында иликтеп бүткөн: Кызыл-Кыя ИИБнин башчысынын орун басары Канатбек Жолдошовго, кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы Бактыяр Сыдыковго жана опер кызматкерлер Кадырбек Кайымов менен Советалы Орунбаевге уруп-сабап, курал жана атайын каражаттары колдонуу менен кызмат абалынан кыянат пайдалануу, алдын-ала макулдашуу аркылуу адамдардын тобу тарабынан кыйноого алуу жана жашы жете электерди кыйноо айыптары тагылган. Алар үй камагына алынган.

Өкүм төрт жылдан кийин гана, 2018-жылы угузулган. Ош шаардык соту Кызыл-Кыя ШИИБнин башчысынын орун басары Жолдошевди 14 жылга, кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы Бахтияр Сыдыковду 13 жылга колонияга кескен. Ал эми опер кызматкерлер Кайымов менен Орунбаев 12 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок бир айдани кийин Ош облустук соту аппеляциялык арыздын негизинде милиция кызматкерлерин кыйноого катышкандыгы тууралуу далилдердин жоктугунан улам актаган. Мындай чечим айыпталуучулар суранган экспертизанын жыйынтыгына таянып чыгарылган.

Ага ылайык, өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө жеткирилгенге чейин эле ур-токмокко алынган. Жабырлануучулардын адвокаты Таир Асанов милиция кызматкерлери эксперттер менен «макулдашып», өздөрүнө пайдалуу жыйынтык алышы мүмкүн экенин айтып чыккан.