Самарбек Болотбеков Нарын шаарынын мэри болуп шайланды

Самарбек Болотбеков. Сүрөт: Нарын шаардык мэриясы

Бишкектин Свердлов районунун мурдагы акими Самарбек Болотбеков 11-июнда Нарын шаарынын мэри болуп шайланды. Болотбековдун талапкерлигин шаардык кеңештеги 31 депутаттын ичинен 19у жактырды.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы калаа башчылыкка Самарбек Болотбеков жана «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын директору Алмаз Суранов талапкерлигин койгонун маалымдады. Буга чейин шаарды Нурбек Молдокадыров жетектеген.

Самарбек Болотбеков 37 жашта. Жаңы шайланган мэр Нарын шаарында туулуп-өскөн. Ал 2005-2007-жылдары Бишкек шаардык мэриясынын жер комитетинин укуктук жана кадрдык маселелер боюнча башкы адис болуп иштеген. Андан кийин Бишкек шаардык мэриясынын токтомдорун даярдоо секторунун башчысы болгон.

2009-жылы Болотбеков Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп, 2010-жылы жеке турак жай куруу бөлүмүн жетекчиси болуп дайындалган.

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов 2016-жылы Болотбековду Свердлов районунун акими кызматына дайындаган.

Самарбек Болотбеков үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Бишкек шаардык кеңшке «Республика» партиясы менен аттанган. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган талапкерлердин тизмесинде Болотбеков «Люкс Консалт» ЖЧКсынын директору деп көрсөтүлгөн.

Болотбековдун 2018-жылкы декларациясында анын кирешеси 708 миң сомду түзгөн. Мындан сыркары анда 1 миллион 800 миң сомдук бааланган уйлары, 410 миң сомдук кой-эчкилери, 140 миң сомдук үй эмеректери, 45 миң сомдук техника жана 120 миң сомдук үй тиричилик буюмдары бар экенин көрсөтүлгөн.