Сутка ичинде коронавирустан 5 адам каза болду, вирус 619 адамга жукту

Сутка ичинде коронавирусу тастыкталган дагы беш адам кайтыш болду. Алардын төртөөсү Бишкектин ооруканаларынан, бирөөсү Ысык-Көл облусунда көз жумду.

Ушуну менен коронавирустан каза тапкандардын саны расмий 1881 учурга жетти. Ошондой эле сутка ичинде коронавирус жуктургандардын дагы 619 учуру катталды. Вирус жуктургандардын 273 жаңы учуру Бишкекте, 110у Ошто катталды — эки шаар тең илдет жуктургандардын саны көп болгондуктан «кызыл зонага» кирет.

Жаңы жуктуруу учурларынын 99у Чүй облусунда, 57 учуру — Ош облусунда аныкталды. Ал эми Жалал-Абад облусунда 26, Баткен жана Ысык-Көл облустарында 20 жана 22 учур катталды. Таласта коронавирус жети, ал эми Нарында беш адамга жуккан.

Алардын ичинен илдет жуктургандарын 23ү медкызмакерлер — Ош жана Ош облусунда алты учур, Жалал-Абад облусунда төрт, Бишкекте үч, экөө Баткен облусунда. Чүй жана Талас облустарында коронавирус эки медикке жуккан.

Ооруканалардан сутка ичинде 296 бейтап айыгып чыккан, ал эми 1 949 адам дарыланууда калууда. Алардын ичинен 585 адамдын абалы оор, ал эми 90 бейтап өтө оор абалда.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын статистика боюнча жалпы саны 109 812 учурду түздү.