Кыргызстанда шылуундарга алданган Шри-Ланканын жараны ооруканага түштү

Кыргызстанда шылуундардун тузагына илинген Шри-Ланканын жараны жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу Бек @beshtash аттуу жаран твиттерге жазды.

Анын айтымында, шриланкалык беш адамдан турган топ менен февраль айында Бишкекке учуп келген. Шылуун аларга Канадага виза ачтырып берем деп, жалпы 50 миң долларга жакын акчасын алып дайынын таптырбай кеткен.

«Бир таанышым экөөбүз алар менен [шриланкалыктар] күтүүсүз таанышып калганбыз, колдон келишинче жардам берип атабыз. Батир таап киргизип, азык-түлүк алып бергенбиз. Алардын атынан милицияга арыз жазганбыз, бирок орган кызматкерлери шылуунду таппай жатат», — деп жазган Бек.

Ал алдамчыларга кабылган беш жабырлануучунун бири бир айдан соң мекенине кайтканын, экинчиси жакында учуп кеткенин айтып өткөн. Жабыр тарткан чет элдиктердин бири кант диабетинен жабыркайт.

«Стресстен улам ал төшөктөн турбай калды, тамак ичпейт. Бүгүн эртең менен тез жардам чакырып, тамчылатма дары куйдук. Абалы азырынча турукташты, бирок бул деле убактылуу деп ойлоп жатам. Алардын ишенген кишиси деле жок, жардам деле келе койбойт го», — деп билдирген Бек.

Анын маалыматына караганда, шылуун — Пакистандын жараны, «көп жылдан бери өлкөдөн чыкпайт». Ал Пакистандан, Шри-Ланкадан адамдарды алдап Бишкекке чакырып, Канадага же Европага виза жасап берем деп убада берет. Келгенде акчаларын алып, өзү изин суутуп кетет.

Ошол эле күнү шриланкалык жаран Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Эки күн өткөндөн кийин, 12-июнда үйүнө чыгарылган. Ал эми Бека аттуу колдонуучунун айтымында, шриланкалыктын «бөйрөгү иштебей калган» .

Ал бөлүшкөн маалыматка Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз катчысы Улан Жумаков реакция кылган. Жумаков маалымат Бишкектин Октябрь райондук ИИБнин жетекчилигине кабарланганын жазган.

Биздин редакция Шри-Ланка республикасынын консулдугу менен байланышууга аракет кылды, бирок дипмиссиядан жооп алууга мүмкүн болгон жок.