«Эски таарыныч». Түптө 39 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип эки киши кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт Ысык-Көл ОИИБиге таандык

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу айылында 39 жаштагы тургундун өлүмүнө шектелип эки киши кармалды. Алар райондук соттун чечими менен эки айга камалды.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, кармалгандардын бири маркумдун айылдашы, экинчи шектүү Ак-Булуң айылынын тургуну.

Тергөө учурунда 36 жаштагы киши жасаган кылмышын мойнуна алган. Ал кылмышты жасоого жабырлануучуга болгон эски таарыныч себеп болгондугун айткан. Ал эми 62 жаштагы киши өз көрсөтмөмүндө маркумду айылдын четиндеги эски тегирменге чакырып бергенин билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Түп районуна караштуу Кудургу айылынын четинде 39 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Маркумдун сөөгүн алгач анын айылдаштары таап, райондук милицияга кабарлашкан.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, сөөккө сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, ал киши колдуу болуп өлгөндүгү аныкталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунда Алашан айылынын 21 жаштагы тургунунун сөөгү өзүнүн унаасынын арткы багажынан табылган. Кылмышка шектелип 24-майда аталган райондун Көк-Жар айылынын 17 жана 20 жаштагы тургундары кармалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көлдө 39 жаштагы тургун киши колдуу болду. Милиция териштирүүнү баштады

«Сөөгү багаждан табылган». Ноокатта дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектелип эки киши кармалды