Ысык-Көлдө 39 жаштагы тургун киши колдуу болду. Милиция териштирүүнү баштады

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу айылында 39 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, маркум киши колдуу болгон.

«Бизге 3-июнда маалымат түштү. Жергиликтүү тургундар тарабынан азиат түспөлүндөгү кишинин канжалаган сөөгү табылганы туралуу маалымат түшөрү менен, окуя болгон жерге милициянын кызматкерлери барышкан. Сөөккө сыртынан кароо жүргүзүлгөн учурда ал киши колдуу болгону аныкталды жана маркумдун аты-жөнү такталды», — деди Усубакунов.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ошондой эле, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Буга чейин Ош облусунун Ноокат районунда Алашан айылынын 21 жаштагы тургунунун сөөгү өзүнүн унаасынын арткы багажынан табылган. Кылмышка шектелип 24-майда аталган райондун Көк-Жар айылынын 17 жана 20 жаштагы тургундары кармалган.

Милициянын маалыматына ылайык, сырттан кароо жүргүзгөндө ал күч колдонуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Учурда өлүмдүн себебин тактоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА: «Сөөгү багаждан табылган». Ноокатта дайынсыз жоголгон кишинин өлүмүнө шектелип эки киши кармалды