Сауд Арабиясы чет элдиктерге Мекке жана Мединага ажылыкка келүүгө тыюу салды

Сауд Арабиясынын ажылык жана умра министрлиги дүйнөдөгу эпидемиологиялык кырдаалдан улам чет элдиктердин Мекке жана Мединага зыярат кылуу үчүн келүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин сайтында жазылды.

Быйыл болгону 60 миң адам ажылыкка бара алат, булар мурда COVID-19 дартына каршы эмдөөдөн өткөн падышалыктын резиденттери жана кызматкерлери.

Падышалыктын саламаттык сактоо министри Тауфик аль-Рабианын айтымында, ажылык сапар үчүн COVID-19 илдетине каршы каттоодон өткөн Pfizer, Astrazeneca, Moderna жана Johnson & Johnson вакциналары жарактуу.

«Вакцина жеткиликтүү экенине карабай, вируска карата адамдардын мамилеси олку-солку болуп жатат. Айрым өлкөлөрдө вирус жуктургандардын саны дагы деле көп болууда. Дагы бир маселе, вирустун ар кандай штаммдары катталып жатат, андыктан ажылыкка чектөө коюу чечими кабыл алынды», — деди аль-Рабиа.

Ажылыкка бара тургандардын баарынын жашы 18ден 65 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулары жок адамдар болушу керек.

Чектөөлөр былтыркы жылы дагы болгон. Анда 10 миңге жакын адам гана ажылыкка барган — алардын 70% чет элдик жана 30% сауд-арабиялыктар болгон.

Коронавирус пандемиясына чейин Мекке жана Мединага зыярат кылуу үчүн жылына 2,5 млн мусулман келип турган. Расмий маалыматтарга караганда, бул Сауд Арабиясына жылына жалпысынан 12 млрд доллар киреше алып келчү.