Баткен облусунда «чек ара аймагында мыйзамсыз жүргөн» АКШ жана Жапониянын жарандары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 13-июнда Баткен облусунда чек ара аймагында мыйзамсыз жүргөн эки чет элдик жаран кармалган.

Маалыматка караганда, 1988-жылы туулган АКШнын жараны жана 1989-жылы туулган жапониялык кыз Баткен облусунун Нургазык аймагына уруксаат документтери жок кирип келишкен.

Андан тышкары, ведомство мамлекеттик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кошумчалашты.

Билдирүүдө 2021-жылы 1-январдан 13-июнга чейин аскер кызматкерлери 192 адамды кармаганы белгиленген. Алардын ичинен 167 киши мамлекеттик чек араны бузуп киргени, 11 адам мамлекеттик чек ара режимин бузганы, 14ү чек ара режимин сактабаганы үчүн кармалган.

Ошондой эле, бул убакыт аралыгында чек арадан өткөн 709 адамдын документтерине байланышкан түрдүү маселелер аныкталган.

«2021-жылдын 1-январынан 13-июнга чейин өткөрмө пункттары аркылуу Кыргызстандын аймагына 1 753 668 адам кирген, өлкөдөн 1 828 304 адам чыгып кеткен», — деп билдиришти Чек ара кызматынан.