Баткенде дрондон видео тарткан «Азаттыктын» кабарчысы УКМКга маек берип чыкты

Бир катар ЖМКлар «Азаттыктын» журналисти Адилет Бектурсунов 14-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин Айдаркен шаарындагы Баткен облустук башкармалыгына профилактикалык сүйлөшүүгө кирип чыкканын жазышты.

Басылмалардын маалыматына караганда, кабарчылар атайын уруксат документтери жок туруп, Кадамжай районундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде съемка жүргүзүшкөн.

Кийин бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Журналист өзү окуяны түшүнбөстүк деп атаган. Анын айтымында, «Азаттыктын» журналисттери аскер бөлүгүнө жакын жайгашкан Айдаркендин паркын видеого тартышкан.

«Биз аскер бөлүктүн өзүндө видео тарткан эмеспиз, ал тургай ошол жерге жакын жайгашканын да билген жокпуз. Имараттын жанында эч кандай белгилер жок болчу. Бизден дронду түшүрүүнү өтүнүп, эмне себептен тартып жүргөнүбүздү түшүндүрүү үчүн УКМКга алып келишти. Кызматкерлер менен сүйлөшкөндөн кийин бошотушту. Сүйлөшүү мыйзам чегинде, сылык-сыпаа өттү. Чек арадагы курч абалдан улам күч түзүмдөрү аскер бөлүктөрүнүн үстүнөн видеого тартууга аракет кылган бардык дрондорду текшерип жатышат», — деп түшүндүргөн Адилет Бектурсунов.

Маектешүүдөн кийин журналист бошотулган.

Чек арадагы жаңжал

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чыр 28-апрелде эки өлкөнүн чек арасына жакын жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. 1-майда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүлөрүнөн кийин ок атууну токтотуу чечими кабыл алынган.

3-майда тараптар кошумча күчтөрдү чек ара тилкесинен баштапкы жайгашкан жерлерине кайтарууну жыйынтыкташкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, чек арадагы ок атууда 36 кыргызстандык набыт болуп, 154 адам ар кандай деңгээлде жарадар болгон. Чеке ара аймагынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.