«Депутаттар акчага сатылды». Куршабдыктар айыл өкмөттү шайлоо «таза эмес» өткөнүн айтышты

Чогулган эл. 15-июнь. Сүрөт: Тынчтык Жумабаев

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон 200дөй киши 15-июнда кайрадан айыл өкмөт имаратынын алдына чогулду.

Алар шайлоо «таза эмес» өткөнүн айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну жана буга чейинки айыл өкмөтү Алтынбек Ташиевди ордуна коюуну талап кылышууда.

Эмне болду?

Кушабдын башчысын шайлоо 14-июнда өтүп, ага эки талапкер — Сактан Келдибаев жана буга чейинки айыл өкмөтү Алтынбек Ташиев — катышкан. Жыйынтыгында Сактан Келдибаев 20, Алтынбек Ташиев 10 добуш алган.

Ошол эле күнү жергиликтүүлөр акцияга чыгып, Ташиев «жакшы иштеп келгенин» айтып, аны шайлабай койгон жергиликтүү кеңештин депутаттарына нараазы болушту.

«Айыл өкмөт башчылыкка эки талапкер болгон болсо, экөө эл алдына чыгып платформасын көрсөтсүн дегенбиз. Депутаттар буга көңүл бурбай, өздөрүнчө жабык эшик артында эл талабын көңүлгө албай башка бирөөнү шайлап коюшту», — деди чогулгандардын бири.

Нараазычылык акциясына келген дагы бир тургун «айыл өкмөт башчыбызды ордуна коймоюнча тарабайбыз» деп билдирди.

«Депутаттар анын акчасын алып алган да, ошон үчүн акчага сатылды. Ал эл-жер үчүн күйүп, канча жакшы иштерди кылды. Куршаб айылы өнүктү. Өсүп аткан бала эле. Биздин айыл өкмөтүбүздү ордуна коюп берсин, ал кетмейинче ушул жерден кетпейбиз», — деди ал.

Мындан улам тургундардын бири Миргүл Кожоева жергиликтүү кеңештин депутаттары «эл алдына келип, эмне үчүн андай кадамга барганын түшүндүрүп бериши керектигин» айтты.

«Ошол депутаттар бул жерге келбесе, эмне үчүн ошондой кадамга барганын айтып бере албаса кетишсин. Ушул өнүктүрүп, өстүрүп аткан баланы шайлабай башка адамды шайласа… Андай депутаттардын бизге кереги жок», — деди ал.

Нараазычылыкка чыккан тургундар жаңы шайланган Келдибаевди «тааныбайбыз» деп билдиришти. Алар эгер талабы аткарылбаса тиешелүү органдарга билдирүү берип тынчтык митингдерине чыга турганын айтышты.

Ош облустук администрациясынын басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жергиликтүү бийликтин компетенциясында эмес экенин айтып, нараазычылык билдирип чыккандарга жеринде Өзгөн районунун акими түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.

«Жергиликтүүлөр бир гана ордуна койгула деп жатышат. Тиешелүү органдар мыйзамдуулукту сактоо максатында жеринде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну аймактык шайлоо комиссиясы чечет», — деди ал.

Келдибаев жана Ташиев тууралуу

Алтынбек Ташиев Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 2018-жылдын апрель айында шайланган. Ага чейин Ош облустук эсеп башкармалыгында жана Ош шаардык салык кызматында иштеген.

Ташиев жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 93-катарда барган.

Ал эми жаңы шайланган Сактанбек Келдибаев Жогорку Кеңештин депутаты Сагындык Келдибаевдин бир тууганы. Өзү жеке ишкерлик менен алектенет — Өзгөн районундагы таш иштетип, кафель чыгарган заводго ээлик кылат.

Келдибаев 2015-жылы ага Ош облустук прокуратурасында иштеген Канжар Кыдыралиев өзүнүн шериктери менен чогуу кол салганын айтып чыккан. Бирок иш объективдүү тергелбегенин билдирген.