Киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча сот отуруму жылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 15-июнда Айзада Канатбекованы уурдоо иши боюнча экинчи сот отуруму өтмөк.

Бирок сот отурумунун алдында айыпталып жаткандардын бири Сыймык Молдосариевдин жактоочусу Административдик сотто башка отурумда жүргөнү белгилүү болду. Аталган иш боюнча кийинки сот отуруму 2021-жылдын 1-июлуна дайындалды.

Маркум Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан юрист Нурбек Токтакунов «Клоопко» курган маегинде адвокаттын бул мамилесин «отурумду үзгүлтүккө учуратуу» катары эсептээрин айтты. 

«Мен муну сот отурумун үзгүлтүккө учуратуу деп билем. Өткөндө, отурум дайындалганда ал [адвокат] бүгүн башка процесси бар экенин айтып коюшу керек болчу. Бирок ал бул жөнүндө бүгүн уктук. Мен сотко ага карата аныктама чыгарууну сурандым, анткени бул бардак», — деп билдирди Токтакунов.

Айзада Канатбекованы уурдоо иши боюнча беш адам айыпталып жатат. Алар: эки жолу соттолгон Кубаныч Токон уулу менен Замирбек Раманкулов, бир жолу соттолгон Ажикабыл Рысбай уулу, кылмыш жообуна тартылган Орозбек Нурумбетов жана буга чейин бир да жолу сот жообуна тартылбаган Сыймык Молдосариев. Айыпталуучулардын баарына «Алдын ала сүйлөшүп алуу менен адамдардын тобу менен уурдоо» беренеси боюнча айып тагылууда.

Айзаданын уурдалышы боюнча биринчи сот жыйыны 11-июнда болгон. Канатбекованын киши колдуу болуп өлүшү боюнча кылмыш иши айыпталуучу Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган.

Тема боюнча: Адвокат Айзаданы уурдагандардын ичинен эмне үчүн бирөөсү гана күнөөнү мойнуна алганы тууралуу

Ал жыйында айыпталуучулардын бардыгы Канатбекованы уурдаган күнү күтүүсүз эле жолугуп калышканын айтышкан. Ошондой эле сот процессинин катышуучулары, соттолуучулардын көрсөтмөсү алгачкы сурактагы айткандары менен дал келбей жатканын белгилешкен. Буга айыпталуучу Раманкулов нес абалында болгондуктан айткандарын чаташтырып алганын айтса, дагы бир айыпталуучу ага тергөөчүлөр кысым көрсөткөнүн билдирген.

Анда адвокат Токтакунов айыпталуучулар жазаны жеңилдетүү үчүн өз ара макулдашып алышы мүмкүн экенин белгилеген.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Уурдалган кыздын үй-бүлөсү ала качкандардын бирөөсүн тааный турганын билдирген — ал кыздын артынан түшүп, мажбурлап никеге туруу үчүн мурда дагы уурдоого аракет кылган.

Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адамдын сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген.

Кийин Айзаданын апасынын адвокаты Нубек Токтакунов экспертиза Канатбекова зордукталганын аныктады деп билдирген.

8-апрелде милиция чара көрбөй жатканына нааразы болгон жүздөгөн жаран Бишкек жана Ош шаарларында митингге чыгышкан. Чогулгандар Бишкек ИИББнин жана ИИМ башчысынын отставкасын талап кылышкан. Милиция кызматынын аткаминерлери маалымат жыйын куруп, уурдалган кызды издөөгө өтө көп убакыт кеткени үчүн актанууга аракет кылышкан.

Кийин милиция Канатбекованы уурдоого катыштыгы бар башка шектүүлөрдү да кармап, ТИЗОго киргизген. Ошондой эле, прокуратурадан кызды уурдоо фактысы боюнча милициянын иш-аракетин иликтөө башталганын айткан. «Шалаакылык» беренеси боюнча иш Биринчи май райондук ИИБдин кызматкерлерине карата козголгон.

ИИМ кызматтык иликтөө жүргүзүп, натыйжада 12 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулган, алардын арасында Бишкек ШИИББдин башчысы Бакыт Матмусаев бар. Дагы 27 милиционер кызматына толук туура келбеси жөнүндө эскертүү алган, башка беш кызматкерге катаал сөгүш берилген.

Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши аны уурдап, кийин өз өмүрүн кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнөн улам токтотулган. Айдазанын өлүмүнө байланыштуу, милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси боюнча дагы бир кылмыш ишин УКМК тергеп жатат.