«Сосновка» транспорт көзөмөл пунктун текшерүү: Бир чиновник жана эки инспектор бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 11-июнда Чүй облусуна болгон иш сапарында Бишкек — Ош жолундагы «Сосновка» транспорт көзөмөлдөө пунктун пландан тышкары барып текшерген.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, текшерүү учурунда пунктун кызматкерлери саат 8:00дөн саат 13:00гө чейин 17 унааны траснпорттук көзөмөлдөн өткөргөн, бирок бул убакыт аралыгында пункт аркылуу 29 унаа өткөн. Демек, ортодо 12 машина айырма чыккан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Марипов бир аткаминер менен эки инспекторду ээлеген кызматынан бошотуп, айрымдарына эскертүүлөрдү берип, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин ишине нааразылыгын билдирди.

Анын тапшырмасына ылайык, 2021-жылдын 14-июнунда кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө эскертүү берилди:

  • Алмаз Турганбаевге — транспорт министринин биринчи орун басары;
  • Шухрат Айтиевге — Транспорт министрлигинне караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти көзөмөлдөө агенттигинин директору.

Кызматтарынан Транспорт министрлигинне караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти көзөмөлдөө агенттигинин орун басары, андан тышкары «Сосновка» пунктунун эки кызматкери — башкы жана улук инспекторлору бошотулду.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кошумчалагандай, Марипов өлкө боюнча транспорттук көзөмөлдөө пункттарынын ишин бардык процесстерди автоматташтыруу аркылуу жакшыртууну тапшырды.