Кара-Кулжа: Сооронбай Жээнбековдун иниси айыл өкмөт башчысы болуп шайланды

Сүрөт: Turmush

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тууганы Бактыбек Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүн жетектемей болду. Бул тууралуу БШКнын Кара-Кулжа району боюнча өкүлү Нурмамат Сулайманов «Турмуш» басылмасына билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-июнда өткөн шайлоодо алты талапкердин ичинен эки турда тең жергиликтүү кеңештин депутаттарынын эң көп добушун алган.

Экс-президент менен жаңы шайланган айыл өкмөт башчынын аталары бир тууган. Бактыбек Жээнбеков өзү буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Ал 53 жашта, кесиби боюнча агроном. Ошондой эле үч уул, бир кыздын атасы.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өзү 11 бир тууган — анын үчөөсүнүн көзү өтүп кеткен. Маркум агасы Канторо Жээнбеков Жалал-Абадда биринчи жолу Эл аралык университет ачып, аны 24 жыл жетектеген. Каза болгон соң окуу жайга өзүнүн ысымы берилген.

Агасы Жусупбек Шарипов 2007-жылдан баштап элчи болуп иштеп келе жатат. 2019-жылы Кыргызстандын Румыния жана Балгариядагы, ошондой эле, Украинадагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төртүнчү, бешинчи жана алтынчы чакырылышын депутаты — учурда «Кумтөр иши» боюнча кармалып, эки айга камакка алынган.