Алайдагы памирлик кыргыздарга мал-жандыктар берилди

Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздардын өз алдынча тиричилик кылуусуна шарт түзүү үчүн мал-жандыктар берилди. Бул тууралуу «Клоопко» Алай районунун акиминин орун басары Бакытбек Осмонов билдирди.

«Ар бир үй-бүлөгө 10 кой, бир уй торпогу менен жана бирден жылкы берилди. Азыркы учурда мал жандыктарды багууга шарттары жок болгондуктан жайлоодо чабан карап жатат. Мал жандыктарды кароо үчүн жергиликтүү бийлик сарай салып берүү аракетин көрүп жатат. Бир эки күндө баштайлы деп турабыз», — деди ал.

Өлкө башчысы Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 4-апрелинде Алай районундагы Талды-Суу айылына Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушкан.

Анда памирлик кыргыздарга президент Памирде калган кыргыздарды мекенине көчүрүү, жумушсуздук маселесин чечүү, жарандык берүүнү тездетүүнү убадалаган.

28-апрелде Талды-Сууда жашаган 44 этникалык кыргызга жарандык берилген. Андан сырткары президент Чоң-Алайга көчүрүлүп келиши мерчемделип жаткан оогандык кыргыздарга да турак жай куруларын билдирген.

Учурда Талды-Сууда 11 үйдө 17 үй-бүлө жашап жатат. Памирлик кыргыздар алгач 2017-жылы Нарын облусуна көчүрүлгөн. Алардын айрымдары бир жылдан кийин Ооганстанга кайра көчүп кеткен, калган бөлүгү 2019-жылы Алайга жайгаштырылган.

Сүрөт: T-Media басылмасы