Ош шаарында тойканаларга 1-июлдан тартып той өткөрбөө сунушталды

Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чоң ресторандарга жана тойканаларга 1-июлдан тарта массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн буюртма албоо сунушталды. Бул тууралуу Оштун вице-мэри Эмил Шадыханов коронавирустун жайылуусунун алдын алуу боюнча жумушчу топтун жыйынында билдирди.

Андан сырткары Шадыканов санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө күчөтүлүшү керектигин айтты. Ал тургундарды да санитардык талаптарды сактап, беткап тагып, антисептик колдонуп, аралыкты сактоого чакыруу керектигин белгиледи.

«Оштогу кырдаал жөнөкөй эмес. Күн сайын коронавирустун 100гө жакын жаңы учурлары аныкталып жатат. Санитардык талаптарды аң-сезимдүү сактоо гана инфекциянын жайылышын токтотот», — деди Шадыханов.

Ал арада республикалык штаб өлкөнүн жарандарын Ош шаарына жана облусуна, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна барууга чектөө киргизүүнү сунуштады.

Мындан сырткары, жарандарга массалык иш-чараларга катышуудан жана адамдар көп чогулган коомдук тамактануу жайларга баруудан кармануу зарылдыгы айтылды.

Ош шаары 8-июнда кызыл зонага кирген аймактардын каратын толуктаган. Анткени коронавирус калаада кескин жайыла баштаган. 18-июнга карата COVID-19дун 73 жаңы учуру катталып, бир киши каза болду — учурда ооруканада 24 киши дарыланып жатат. Жалпысынан пандемия башталгандан бери Ош шаарында 212 киши көз жумду.

Ал эми өлко боюнча 18-июнда инфекциянын 653 учуру катталып, төрт киши каза болду. Ооруканаларда 2 206 бейтап дарыланып жатат.