Пакистан Кыргызстанга эки шаарда деңиз портторун пайдаланууга берүүгө даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-июнда Пакистандын ТИМнин башчысы Макмуд Шах Махмуд Хуссейн Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Түркиядагы Анталия дипломатиялык форуму учурунда өттү. Анда эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды.

Казакбаев Пакистанга 2021-жылы кезектеги өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү сунушун киргизди. Андан тышкары, Пакистан тарап Кыргызстандын ЖОЖдорун кара тизмеден чыгарат деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Министр БУУнун адам укуктары боюнча кеңешине Кыргызстандын талапкерлигин колдоону дагы суранды. Куреши жооп ирээтинде Казакбаевди расмий сапар менен Исламабадга келип кетүүгө чакырды. Ал Пакистан Кыргызстанга Карачи жана Гвадаре шаарларындагы деңиз портторун пайдаланууга берүүгө даяр экенин билдирди.

Куреши «Транзиттик транспорт боюнча Пакистан — Кытай — Кыргызстан — Казакстан төрт тараптуу макулдашуусун» жандандыруу керектигин дагы кошумчалады.

«Ушул жылдагы эл аралык коалиция аскеринин Афганстандан толук чыгышына байланыштуу, тараптар негизги көңүлдү терроризмге, баңги сатууга каршы биргелешкен аракеттер жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө маселелерине бурушту», — деп билдиришти ТИМден.