Талас: Уулун арачалайм деп каза тапкан кишинин жакындары милицияга нааразы

Маркум Асаке Мамбеталиевди облустук соттук-медициналык экспертизадан текшерүү учуру. Сүрөт: Максат Кутманбеков / «Азаттык»

Талас облусунун Кара-Буура районунун чымкент айылында сабалган уулун арачалайм деген 58 жаштагы Асаке Мамбеталиев «белгисиз себептен» каза тапканы айтылган. Бирок анын жубайы Гүлжакан Акбаева «Азаттык» үналгысына жолдошунун өлүмү жеткиликтүү иликтенбей жатканын билдирди.

Анын айтымында, Мамбеталиев 19-июнда Кара-Буура районунун Чымгент айылында жергиликтүү балдардын токмогунан көз жумган.

«Таңкы саат 4тө баламдын органда иштеген досу чакырыптыр. Адилет деген уулумду алгач үч бала урган. Анан Адилет менен кичүү балам Азирет кайра барыптыр. Аларды атасы көрүп калып, арачага түшкөндө ага да кол салышкан, жолдошум жерге кулап, эсин жоготуптур. Ал эми Азиретти органда иштеген бала колунан кармап коё бербей койгон. Адилетти болсо бетке тээп, жерге кулатыптыр. Аларды кошуналар көргөндө качып кеткен», — деп нааразы болгон Акбаева.

Мушташка катышкан делген Талас шаардык күзөт бөлүмүнүн кызматкери Кумарбек Мамбеталиев өз дарегине айтылгандарды четке кагып, «Адилетти мен чакырган эмесмин» деп жооп берген.

Ал арада Талас ОИИБи тараткан маалыматта, «маркум уулунун үч айылдашы ур-токмокко алып жатканына күбө болуп, аларды арачалап жатып белгисиз себептерден улам каза болуп калган» деп жазылган.

Ал эми Мамбеталиевге дайындалган эки жолку экспертиза анын «денесинде күч колдонулган зомбулуктун белгилери аныкталбагынын көрсөттү» деп айтылат.

Ошондой эле, анын уулунун сабалышы боюнча 20, 22 жана 25 жаштагы үч киши кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга киргилгени кабарланды. Аталган факт

«Ээнбаштык» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Бирок жабырлануучунун атасынын өлүмү боюнча милиция так маалымат бере алган жок. Алардын айтымында, териштирүү иштери уланып жатат.