Таластын тургуну сабалып жаткан уулун арачалайм деп «белгисиз себептен» каза тапты

Талас облусунун Кара-Буура районунда 58 жаштагы киши уулун сабап жаткан адамдардан арачалап жаткан учурда каза болду. Бул тууралуу «Клоопко» Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-июнь күнү саат таңкы 05:25 чамасында Кара-Буура РИИБдин 102 кызматына аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда Чымгент айылынын М.А. аттуу тургунунун жарандын жансыз денеси ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Милиция аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан. Ал эми окуя жабырлануучунун үйүнүн жанында болгону аныкталган. Маркум 24 жаштагы уулунун үч айылдашы ур-токмокко алып жатканына күбө болуп, аларды арачалап жана уулуна болушуп жатып «белгисиз себептерден» улам каза болуп калган.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынан сабалган тургундун бети-башы канап, денесине жаракат алган деп билдирдишти. Аталган факт «Ээнбаштык» беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, баланы токмоктогондор камакка алынган.

Ал эми Кара-Буура райондор аралык соттук-медициналык экспертиза «маркумдун денесинде күч колдонулган зомбулуктун белгилери байкалган эмес» деген тыянак чыгарган. Бирок каза тапкан кишинин жакындары Талас облустук СМЭ бюросунун эксперттери сөөктү кайрадан изилдөө жүргүзүшүн талап кылышкан.

«Анын жыйынтыгында маркум денесинде күч колдонулган зомбулуктун белгилери байкалган эместиги тастыкталган. Учурда аталган фактылар боюнча тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдишти Талас ОИИБиден.