Жогорку Кеңештин 74 депутаты Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүнө кол койду

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышты.

Алардын айтымында, мурдагы аткаминерди Жогорку Кеңештин 74 депутаты колдогон. Алар Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчкө кол коюп беришкен.

«Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк бөлүгү, анын ичинде Дастан бекешев, Бакыт Төрөбаев, Мирлан Жээнчороев, Канат Исаев, Шералы Абдылдаев, Нурбек Тотонов, Эмил Токтошев мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кармалышына тынчсызданып жатышат.

Алар Бабановдун кармалышы коомчулукта ири резонанс жаратып, көпчүлүк эл ага коюлган айыптар негизсиз жана далилсиз экенин белгилешүүдө», — деп билдиришкен адвокаттар.

Алардын айтымында, Бишкек шаардык соту алардын доо арызын шейшемби күнү, 22-июнда карайт.

«Биз жогорку инстанциядагы сотто Бабановдун кармалышы мыйзамсыз экенин далилдейбиз. Кайсыл сот болбосун, эгерде акыйкат жана адилет болсо, Бабановду чыгарышы керек», — дешет адвокаттар.

КТРКнын үстүнөн доо арыз

Муну менен бирге Бабановдун юристтери 21-июнда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын редакциясынын үстүнөн арызданганын «Клоопко» билдиришти. буга аталган каналдагы «Кумтөр» кени жөнүндө сюжет себеп болгон. Анда саясатчынын күнөөсү сот тарабынан далилденбегенине карабай, Бабанов коррупцияга аралашкан чиновник катары көрсөтүлгөн.

Даттанууга ылайык, 17-июнда болжолдуу 19:30да «Ала-Тоо 24» каналынын атайын чыгарылышында «Кумтөр» алтын кенине байланышкан окуяларды чагылдырып жатып, «...Кыргызстан үчүн пайдасыз бир катар келишимдерди түзүүнүн жыйынтыгында, өлкөгө миллиардаган чыгым жана айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтирилген. Алтындын артынан, тагырак айтканда, ири сумманын артынан кууган бир катар аткаминерлер азгырыктан баш тарта алышкан эмес. Азыр бийликтин жогорку эшелонундагы бир нече өкүлү кармалды...» деген сөздөр менен Өмүрбек Бабановдун сотундагы кадрлар көрсөтүлгөн.

Мурдагы аткаминердин адвокаты Анатолий Хегай КТРК анын коргоп жаткан адамын атайылап кыргызстандыктарга Бабановду паракор аткаминер катары көрсөтүш үчүн кардары тартылган видеону көрсөткөн деп билдирди.

Хегай Конституция боюнча ар бир адам күнөөсү далилденгенге чейин күнөөсүз болуп эсептелинээрин белгиледи.«Бул принципти бузуу сот тартибинде материалдык жана моралдык зыянды өндүрүү үчүн негиз болуп эсептелет», — деп белгилейт адвокат билдирүүсүндө.

Ал КТРКдан Бабановдун «Кумтөрдөгү» коррупцияга катыштыгы жөнүндө буга чейин жарыялаган жалган маалыматты» токтоосуз төгүндөөсүн талап кылган. Талап аткарылбаса ал сотко кайрылууну көздөйт.

Өмүрбек Бабановдун өкүлү жана адвокаты Ислам Каргабаев күнөөсүздүк презумциясын эске алуу керектигин жана Бабановду сот чечими чыкканга чейин каралоого жол берилбеши керектигин билдирди.

«Аны күнөөсү далилденгендей кылып көрсөткөн сюжетти чыгаруу туура эмес. Эгерде КТРК төгүндөө чыгарса, бул иш сотко чейин жетпейт», — деп билдирди ал.

«Кумтөрдүн» айланасындагы кармоолор жана чуулар

Саясатчы Өмүрбек Бабанов 31-майда «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга шектелип УКМК тарабынан кармалган. Анда мамкомитет Бабанов «тергөөнүн жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде» кармалганын билдирген.

Саясатчынын адвокаты Амантур Абдрахманов Өмүрбек Бабанов өзүн «Кумтөр» иши боюнча күнөөлүү деп эсептебейт жана тергөө менен кызматташууга барбайт деп билдирген. Анын айтымында, экс-премьер протоколго дагы кайсы кылмышка шектеп жатканы түшүнүксүз экенин жазып берген.

2-июнда Биринчи май райондук соту Бабанов эки айга УКМКнын тергөө абагында калтырууну чечкен.

«Кумтөрдөгү» коррупция иши боюнча Бабановдон сырткары экс-депутат Исхак Пирматов, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Талантбек Узакбаев кармалган.

«Кумтөрдүн» айланасындагы чыр бир нече аптадан кийин башталган — бул 6-майда парламент депутаттары жеке компанияда сырткы мамлекеттик башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алышкандан кийин болгон.

Дагы бир апта өткөн соң, 12-майда «Кумтөр Голд Компанинин» ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия ишинин алдын-ала жыйынтыгын жарыялаган. Анда комиссия мүчөлөрү компаниядан 459 млрд сом же 4 млрд 252 млн доллар өндүрүп алууну сунушташкан.

Ошол эле кезде депутаттар дагы бир вариантты сунушташкан — «Кумтөр» менен өкмөттүн ортосундагы келишимдердин баарын жокко чыгаруу же ишканага убактылуу сырттан башкаруу киргизүү. Кийин 14-майда тышкы башкаруу жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.

Натыйжада бийлик «Кумтөр Голд Компаниге» тышкы башкаруучуну дайыдашкан. Ал Канаданын Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон Канаданын жараны Теңгиз Бөлтүрүк болгон.

Мындай чечим канадалык компанияны — Centerra Gold Inc — канааттандырган эмес. Компания кыргыз өкмөтүн Арбитраждык сотко берерин билдирген. Centerra республика өкмөтүнүн иш-аракети тараптар ортосундагы кол коюлган келишимдерди бузат деп эсептейт.

Ошол эле учурда, Канада компаниясы өкмөт аларга кайрылса «конструктивдик» диалогго даяр экенин билдирген.