Клара Сооронкулова 5-6-октябрдагы окуялар боюнча ИИМге суракка чакырылды

Ички иштер министрлиги «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулованы суракка чакырды. Сооронкулованын айтымында, сурак 5-6-октябрдагы башаламандыктар боюнча ишке байланыштуу жүргүзүлөт.

«2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандыктарды иликтөөнү улантышууда. Бул окуяларга жана анын кесепеттерине акыркы укуктук баа берилет деп ишенем. Мен “6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду” деп көрсөтмө берүүгө даярмын», — деп белгилейт ал.

Сооронкулова фейсбукта жарыялаган чакыруу кагазында ал 23-июнда күбө катары суралары көрсөтүлгөн.

Буга чейин октябрь окуяларына байланыштуу бир нече саясатчы ИИМге сурак берген. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинде депутат Дастан Бекешев күбө катары сурак берген. Эл өкүлү ошол күндөрү нааразылык акцияларында болгон башка көптөгөн саясатчыларды да суракка алышат деп эсептеген.

Ал эми 6-майда ИИМдин тергөө кызматы октябрь окуялары боюнча «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду суракка чакырып, кийин аны камакка алган. Саясатчынын жактоочусу Кантемир Турдалиев Молдокматов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяларда «имаратты басып алууга» шектелип жатканын билдирип, анын камалышын «саясий буйрутма деп баалаган».

ИИМдин тергөө кызматы ушул эле маселе боюнча 18-майда Кыргызстандын социал демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны да суракка чакырган.

Октябрь окуялары

5-октябрда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын массалык нааразычылыгы башталган.

Митингдин катышуучулары шайлоо мыйзамы бузулганын, айрым партиялар добуш сатып алышканын жана админресурс колдонушканын айтып чыгышкан.

Нааразычылыктар митингге чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусуна өтүп, найтыжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Митингчилерди үн чыгаруугу граната, суу аткыч жана желим октор менен кууп таркатуу болгон. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун адам медициналык жардам алган, алардын ичинен 439 митингчиге биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ондогон ыктыярчылар парламент имаратын жана башка мамлекеттик объектилерди курчоого алып, аларды митингчилердин талоончулук менен талкалоосуна жол бербей коргоп калышкан.

Бирок митингчилер экинчи аракеттен соң Ак үйдү басып алып, эмеректерин талкалап, өрт чыгарышкан.

Мындан тышкары, борбор калаанын көчөлөрүндө милициянын бир нече унаасы өрттөлгөн. Жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар.

Нааразычылыктардын шарданы менен абактагы айрым саясатчылар, анын ичинде парламенттин экс-депутаты Садыр Жапаров эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин Жапаров өзүн-өзү премьер-министрлик кызматка дайындап, андан соң тарапташтарынын кысымы менен алтынчы чакырылыштын депутаттары аны бул кызматка бекитишкен.

Кийин Жапаров коркутуп-үркүтүүнүн арты менен президент Сооронбай Жээнбековду отставкага кетирип, анын ордун ээлеп алган.

14-ноябрда Жапаров 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон. Кийинчерээк 28-январь күнү филармонияда анын инаугурациясы өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Табышкан экен күбөнү, мен көрбөймүн да». Бекешев 9-октябрь окуясы боюнча суракка чакырылды

Саясатчы Жеңиш Молдокматов ИИМге суракка чакырылды

Кундуз Жолдубаева 5-6-октябрдагы окуялар боюнча суракка чакырылды