Кундуз Жолдубаева 5-6-октябрдагы окуялар боюнча суракка чакырылды

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Кыргызстандын социал демократтар партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны суракка чакырды. Бул тууралуу Жолдубаева фейсбукта билдирди.

Жолдубаеванын айтымында, ал 5-6-октябрдагы «массалык башаламандыктар» жана «УКМКнын имаратын басып алуу» иштери боюнча күбө катары чакырылды. Буга чейин бул окуяга байланыштуу «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов суракка чакырылып, эки айга камакка алынган.

«Кош стандарттар саясаты — өлкөдөгү учурдагы кырдаалдын так мүнөздөмөсү.

Үмүтбектин өлүмүнүн чыныгы күнөөкөрлөрү 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча суракка алынганын уктуңуз беле? Өз элине ок чыгарууга буйрук бергендерди издөөнү? Туура, уккан эмессиңер! Бирок башка “жакпагандарды” камап жатышат», — деп жазды Жолдубаева.

*Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн болгон нааразычылык акциясында күч органдары менен митингчилер кагылышкан. Анда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу жарадар болуп, каза болгон. Мындан сырткары миңден ашуун киши ар кандай жаракат алган.

5-6-октябрдагы окуялар

2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү анын эртеси күнү мөөнөтсүз митингге чыгышкан. Митинг массалык толкундоолорго айланып, митингчилердин бир тобу Ак үйдү басып алган.

Ошондой эле митингчилер абакта отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан — алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров да бар. Ошол учурда күч органдарынын башчылары иш ордун таштап кетишкени айтылган. Ал эми ошол кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков көзөмөлдү колунан чыгарганы маалымдалган.

Ушундай кырдаалда ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов өзүн министрдин милдетин аткаруучу, Алмамбет Шыкмаматов жана Сыймык Жапыкеев өздөрүн башкы прокурордун милдетин аткаруучу деп жарыялашкан. Ал эми ошол учурда Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары болуп иштеген Өмүрбек Суваналиев УКМКнын төрагасынын кабинетин ээлеп, өзүн күч органдарынын координатору деп жар салган.

Мындан сырткары абактан чыгарылган Садыр Жапаров митинчилер менен басылып алынган Ак үйгө кирип Жогорку Кеңтин жыйындар залында сөз сүйлөгөн. Ал ошондой эле акцияга чыккандардын суроолоруна жооп берип жатып «олигархтар жоопко тартылаарын» айткан.

Ал эми Жээнбековдун бийлиги кулап, Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин ИИМ 5-6-октябрдагы жана 9-октябрдагы окуяны иликтей баштаган. Алгач бул иш боюнча күбө катары депутаттар Жанар Акаев, Мирлан Жээнчороев, Эмил Токтошев жана Рыскелди Момбеков чакырылган — алар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон «Ата Мекен» жана «Республика» партияларын катарында болушкан.

Момбеков митингде алардан сырткары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев да жүргөнүн эскерткен.

Анткен менен 5-6-октябрдагы окуялар боюнча Курсан Асанов жана Жеңиш Молдокматов гана шектүү катары өтүүдө. Асанов «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу» беренеси менен шектелүүдө, ал 12-апрелде үй камагына чыгарылган. Ал эми Молдокматов алгач УКМКнын имаратын басып алууга шектелип, бирок кийинчерээк анын беренеси «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» өзгөртүлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Молдокматов эркин ойлонуп, президентти сындаганы үчүн камалганы анык — Бекешев