Кыргызстанда 100 миң адамдын 500ү коронавирустан өлүшү мүмкүндүгү божомолдонду

Англиялык The Lancet медициналык журналы окумуштуулардын дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен канча адам көз жумушу мүмкүндүгүн изилдеген божомолун жарыялады.

Алардын прогнозу боюнча, Кыргызстанды коронавирустан адам өмүрү кыйылган эң көп учуру күтөт — 100 миң адамдын ичинен 256дан 512ге чейин киши каза табышы мүмкүн. Авторлор белгилегендей, изилдөөнүн модели ар бир өлкөдөгү COVID-19 дартына каршы вакцинанын таралышын жана таасирдүүлүгүн эске алат.

Сүрөт: The Lancet медициналык журналы

Андагы маалыматка ылайык, Борбор Азия вакцинага өзгөчө муктаж болгон аймакка кирген.

«COVID-19га байланыштуу кризис бүткүл Борбордук Азияны капташы мүмкүн, азырынча аймактагы эки гана мамлекет (Кыргызстан жана Өзбекстан) вакцинаны акысыз алышты», — деп белгилеген изилдөөчүлөр.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстандагы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын апрель айынын башында башталган. Азыр өлкөдө COVID-19га каршы эки вакцина жеткиликтүү: орусиялык «Спутник V» жана кытайлык Sinopharm. Экөө тең жарандар үчүн акысыз.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 22-июнда вакцинанын биринчи дозасын өлкөдө 95 390 адам алган, экинчиси менен 71 462 адам эмделген. Калкты эмдөөгө карабай, саламаттык сактоо министрлиги мурдараак өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну башталганын расмий жарыялаган.

Буга ооруу жуктуруунун жаңы катталган учурлары дагы далил боло алат. 22-июнга карата өлкөдө 931 жаңы учур катталган. Ал эми COVID-19 менен ооругандардын ичинен сегиз адам өмүрү менен кош айтышкан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 116 546 адам COVID-19 жуктурган. Бул аралыкта коронавирустан 1 945 адам каза тапкан.