«Сөөктү токойго ыргытып жиберген». Кеминде 16 жаштагы окуучу кыз муунтуп өлтүрүлдү

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Кемин районунда 16 жаштагы мектеп окуучусу киши колдуу болгонун билдиришти. Шектүү катары 42 жаштагы киши кармалды.

21-июнда саат 17:15 чамасында милицияга токойдо зордук-зомбулук колдонуу менен каза тапкан кыздын сөөгү жатканы туурасында маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, аталган факт «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталган.

Болжол менен саат алты жарымда жергиликтүү тургун кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Ал кызы 21-июнда эртең менен үйдөн чыккан боюнча кайтып келбегенин айткан. Кийинчерээк жоголгон окуучу киши колдуу болгону аныкталган.

Маркумдун апасы милицияга кызы мектепке саатт 09:30 чамасында аттестатын алып келүү үчүн кеткенин, бирок 11:00де кошунанын телефонунан кайра чалып сугат иштеринен соң үйгө барарын кабарлаган. Бирок ал кайтып келген эмес.

Чүй ОИИБдин жана Кемин РИИБдин кызматкерлери шектүү катары мурда бейбаштык жана алдамчылык боюнча соттолгон 42 жаштагы киши кармашты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кыз чындап эле кошунасынын телефонунан апасына чалган. Бирок андан кийин кишиден акча сураганда, ал кызды кармалап, ага тийишкен. Бул учурда окуучу кыйкырып жиберген, шектүү болсо коркуп кетип аны муунтуп салган. Андан кийин кошунасынын унаасын сурап туруп сөөктү токойго ыргытып жиберген.

Шектүү Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.