«Кафеме бир жолу басып келген жоксуңар». Ташиев COVID-19дун жайылышына мэрияны айыптады

Жалал-Абад шаардык кеңешинин жыйыны.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев 22-июндагы жыйында мэриянын коронавируска каршы ишин сынга алды. Анын айтымында, ал иштеткен кафеге жергиликтүү бийлик органдары бир да жолу басып барган эмес.

Мындай билдирүүнү Ташиев вице-мэр Гүлбарчын Таштанбековага COVID-19дун жайылышына каршы кандай иштер аткарылып жатканы боюнча суроо узатканда жасады. Ал Таштанбековага «эч нерсе кылган жоксуңар» деп белгиледи.

«Кылган ишиңердин жыйынтыгы нөл. Эч нерсе кылган жоксуңар. Ошентип бүгүн ковид көбөйүп жатат. Кандай иштерди кылдыңыз, ошолорду так айтып кетиңизчи. Сүрөткө түшкөндөн башка не кылдыңыз […] Мен өзүм кафе иштетем, бир жолу да басып келген жоксуңар. Бир жолу! Эч ким маска таккан жок кафелерде, администратордон баштап официантка чейин маскасы жок. Баргыла чара көрбөйсүңөрбү ошолорго», — деди ал.

Ташиевдин сынынан кийин Таштанбекова ишкерлер айып пулдун аздыгынан аларды тоготпой жатканын билдирди.

«Айып пулдун өлчөмү 1000-3000 сомго чейин болгондуктан көптөгөн ишкерлер “штрафты төлөп койсом эле болду” деп кайдыгер мамиле жасаган учурлар болуп жатат», — деди ал.

Ал эми депутат «бийлик колуңарда, милиция менен чыгып текшергиле» деп жооп кайтарды. Ошол эле учурда депутаттардын жыйынында бир катар кишилер беткапсыз отурганын көрүүгө болот. Ал эми Ташиев сөз сүйлөгөн учурда өзү беткабын чечип койгон.

Коронавируска каршы ыкчам штаб 1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканаларды убактылуу жабуу чечимин кабыл алды.

Мындан сырткары, 22-июндан тартып коронавирустун алдын алуу максатында облустук төрөт үйү, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин облустагы филиалы, Сузак районунун аймагындагы бала бакчалар убактылуу жабылды.

23-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 738 учуру катталды — анын 60ы Жалал-Абад облусунда. Ошондой эле бир сутка ичинде илдетти жуктурган сегиз киши каза болду — анын бирөөсү Жалал-Абаддын тургуну.