Сурабалдиева октябрь окуясына байланыштуу сурак берип чыкты

Экс-вице-премьер-министр жана мурдагы депутат Элвира Сурабалдиева 22-июнда октябрь окуяларына байланыштуу ИИМге сурак берди. Бул тууралуу ал фейсбук барагына жазды. Анын айтымында, июнь айында ал экинчи жолу күбө катары сурак берди.

Сурабалдиева октябрь окуялары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, 2020-жылдын 5-9-октябрдагы митингдин* миңдеген жигердүү катышуучусу сурак бергенин белгилеген.

*Мурдараак октябрь окуялары боюнча «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова, депутат Рыскелди Момбеков жана журналист Али Токтакунов чакырылган.

«Эмнеге чакырышты? Октябрь окуялары боюнча менин көз карашымды билүү үчүн. Ал күндөрү тиешелүү органдар, пресса тарабынан тартылган аудио жана видео материалдар, мен жеке өзүм эфирге берген материалдар бар болгондуктан кошумча эч нерсе айткан жокмун. Болгону ошол күндөрү айткан жана жасаган иштеримди тастыктап бердим», — деп билдирди ал.

Сурабалдиеванын айтымында, биринчи жолу аны Кумтөр иши* боюнча, тактап айтканда, 2017-жылдын ноябрында Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү кабыл алуу маселеси боюнча Башкы прокуратурага суракка чакырышкан.

*Башкы прокуратура Кумтөр кенин казуу боюнча түзүлгөн келишимдин айланасындагы коррупцияны иликтөө башталганын 21-майда билдирген.

УКМК бир катар мурдагы жана азыркы саясатчыларды, жогорку кызматтагы чиновниктерди «Кумтөр» иши боюнча суракка алган жана кармаган. Кармалгандардын арасында эки экс-премьер-министр бар — Өмүрбек Бабанов жана Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан тышкары, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Талантбек Узакбаев жана экс-депутат Исхак Пирматов бар.

«УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен куралган жумушчу топтор бар. Алар 5-6-чакырылыштын депутаттарын, ошондой эле Кумтөргө кандайдыр бир тиешеси болгон ар кайсыл мезгилдин аткаминерлерин суракка чакырып жатышат. Ал күнү мени менен бир бөлмөдө экс-министрди жана ошол кездеги аппараттын кызматкерин суракка алышты», — деп жазган Сурабалдиева.

Ал тергөөчү ошол күнү парламенттеги сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасын көрсөткөнүн белгилеген. Анда экс-депутат мөңгүлөрдү бузууга каршы чыккан.

«Мөңгүлөрдү бузууга каршы добуш бергем. Бирок Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн бузууга 22 “каршы”, 63 “макул” деген добуш берүүнүн жыйынтыгында түзөтүүлөр парламент тарабынан кабыл алынган […] Мен өкмөттүн өкүлү менен талашып-тартышып, жыйынтыгында бул түзөтүүнү кабыл алуу менен Кыргызстан эч убакта экологиялык бузуулар боюнча эл аралык сотту жеңе албастыгын айткам. Ал эми өкмөттүн мүчөсү парламент депутаттарына эч кандай бузуулар, экоцид жок деп жооп берген», — деп билдирди Сурабалдиева.

Октябрь окуялары

Өткөн жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг өткөргөн. Башаламандыктар күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусуна өсүп жеткен.

Анын натыйжасында жүздөгөн адам жарадар болуп, 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулу каза тапкан. Андан тышкары, желим октордон алган жараатарынан улам көзүнөн айрылгандар да бар

Расмий маалыматтар боюнча, миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ошол түнү митингчилер Ак үйдү басып алышып, колония жана тергөө абактарынан бир катар саясатчыларды бошото башташкан. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана саясатчы Садыр Жапаров да болгон.

Мындан кийин Жапаров тарапкерлеринин коркутууларынын жардамы менен өкмөт башчыны, президентти жана парламент спикерин отставкага кетире алган. Алгач ал өкмөттү жетектеп баштап, андан соң президенттин милдетин аткара баштаган.

ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча.

Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн.

Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.