Иликтөөчү журналист Али Токтакунов октябрь окуялары боюнча сурак берип жатат

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов ИИМге суракка чакырылды. Ал октябрь окуялары боюнча бүгүн, 23-июнда, саат 10:00дө күбө катары сурак берип жатат.

Токтакунов Кыргызстанга 7-октябрда Чехиядан учуп келип, 9-октябрда «криминалга каршы» митингге катышкан. Ал мыйзамдуу башкарууну орнотууга жана саясий күчтөрдү диалогго келүүгө чакырган. Ошондой эле, Токтакунов эч бир саясатчыны колдобой турганын баса белгилеген.

Токтакунов «Азаттык» үналгысына суракка чакырылганы боюнча «азырынча саясий же журналисттик ишмердүүлүгүм менен байланыштыруудан алысмын» деп билдирди.

Октябрь окуялары

Өткөн жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митинг өткөргөн. Ал башаламандыкка айланып, Ак үй басылып алынгандан соң камактагы бир катар саясатчылар бошотулган.

Анда прездинт Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан 6-октябрдын таңында алып чыгышкан.

Ошол эле күнү депутаттардын айрымдары — көбүнчө «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болгондор — «Достук» мейманканасында чукул жыйын өткөрүп, Жапаров премьер-министр катары бекитилгенин билдиришкен.

Бул жарандык коомдун арасында нараазычылык жаратып, айрым депутаттар аны бекитүүдө кворум сакталбаганын айтып чыгышкан.

Мындан улам Бишкекте 9-октябрда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүшкөн. Алардын катарына уюшкан кылмыштуулукка каршы марштын катышуучулары келип кошулган.

Көп өтпөй Ала-Тоо аянтына өкмөт үйүнүн алдында чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Бул учурда митингчилерди көздөй таш ыргытылып, ыктымал Жапаровдун тарапташтары айрым демонстранттарга кол салышкан.

Кийинчерээк Өмүрбек Бабанов жана Өмүрбек Текебаев өкмөт митингчилерге кол салгандардын жарымы экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары болгонун билдиришкен.

Башаламандык учурунда жети адам жабыркаган — алардын арасында мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жана экс-премьер Темир Сариевдин жансакчысы бар.

Мындан сырткары экс-депутат Элвира Сурабалдиева митингчилердин кагылышуусунан кийин кетип баратканда аны Жапаровдун тарапташы чаап жиберүүгө үлгүргөн.

Ошондой эле Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун машиналарына белгисиз бирөөлөр ок чыгарган. Атамбаев бул кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бул боюнча анда мурдатан маалымат болгонун айткан.

Анткен менен башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп шектелип Алмазбек Атамбаев, анын эки жансакчысы — Дамир Мусакеев жана Канат Сагынбаев — ошондой эле мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов жана «Социал-демократтар» партиясынын талапкери Темирлан Султанбеков кармалышкан. Кийинчерээк шектүүлөрдүн катарына Курсан Асанов да кошулган.

Ал эми бир катар саясатчылар 9-октябрдагы башаламандык боюнча күбө катары суралууда. Ал тургай Жапаровдун бийлигин сындап жүргөн саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда кармалып, 6-июлга чейин камакка алынды. Молдокматов «Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алууга» шектелип жатат.