Сот Фарид Ниязовду 10-июнга чейин тергөө абагында калтырды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-апрелде президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду 10-июнга чейин №1 тергөө изоляторунда калтырды. Ниязов Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында 9-октябрда болгон башаламандыкты уюштурууга шектелип жатат.

«Тилекке каршы тергөө судьясы бул ирет да [Фарид Ниязовдун] бөгөт коюу чарасынын мөөнөтүн узартты. Мен бул чечим негизсиз кабыл алынды деп эсептеймин. Себеби айыптоочу тарап ал [Ниязов] эркиндикте жүрүп тергөө органдарынан качып, аларга тоскоол жаратып же башка кылмыштарды жасай алышын далилдеген жүйөлөрдү келтире алган жок», — деди Ниязовдун жактоочусу Замир Жоошев.

Ошондой эле жактоочу Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери 3-мартта Ниязовго үчүнчү даражадагы гипертония диагнозун койгонун кошумчалады. Жоошевдин айтымында, бул оор оорулардын тизмесине кирет жана мындай диагноз менен шектүүлөр тергөө абагынан чыгарылышы керек.

9-октябрдагы башаламандык

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктары жарыялагандан кийин, 5-октябрда жарандар борбордук Ала-Тоо аянтына митингге чыгып, нааразылыгын билдиришкен. Ошол эле түнү митингчилер менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, жыйынтыгында Ак үй басылып алынган.

Митингчилер колониядан айрым саясатчыларды бошотушкан, алардын ичинде учурдагы президент Садыр Жапаров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер Сапар Исаков дагы бар болчу. Кийинчерээк кээ бир бошотулган саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан.

Анда нааразылык акциясы мушташ менен аяктаган, Садыр Жапаровдун тарапташтары Өмүрбек Бабанов, Алмазбек Атамбаев жана «УКТга каршы» тынчтык митингинин катышуучуларына кол салып, анын кесепетинен жети адам жабыркаган.

Алардын арасында башынан жаракат алган жаш саясатчы Тилек Токтогазиев жана Темир Сариевдин жансакчысы да бар. Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев белгисиз адам анын автоунаасына ок чыгарганын билдирген — инцидент камерага түшүп калган.

Эртеси күнү, тагыраагы 10-октябрда, массалык башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган. Арасында Фарид Ниязов дагы бар.