Сагымбаев менен Султанбековдун баш коргоо чарасы өзгөрдү

6-апрелде Бишкектин Биринчи май райсотунда 2020-жылдын 9-октябрында «Ала-Тоо» аянтында өткөн массалык башаламандыктар иши каралды.

Соттун чечими менен «Кыргызстандын социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков жана УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин күзөт кызматынын башчысы Канатбек Сагымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Алар мурда үй камагында болчу, бирок сот бул жолу өкүмдү эч жакка кетпөө тил катына өзгөрттү.

Сагымбаев, Султанбеков жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдор 2020-жылдын 10-октябрында кармалган. Алар 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандыктарды уюштурууга шектелген.

Анда Сагымбаев менен Султанбеков бир нече күндөн кийин үй камагына чыгышкан, ал эми Ниязов ТИЗО-1ге камакка алынган.

Мурда Биринчи май райондук соту Султанбековго массалык башаламандыктарды уюштурду деген айып тагып, ТИЗО-1ге камакка алган.

Массалык башаламандык иши

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы Бишкектин борбордук аянтында жарандардын нааразылыгын жараткан. Шайлоонун эртеси күнү кечинде митингчилер менен күч түзүмдөр кагылышып, «Ак үй» нааразы элдин колуна өткөн.

Митингчилер бир нече саясатчыны абактан бошотушкан, алардын арасында учурдагы президент Садыр Жапаров да болгон. Жапаров 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу иши боюнча 10 жылдык жазасын өтөп жаткан.

6-октябрга караган түнү бошотулган саясатчылардын айрымдары 9-октябрда Бишкектеги митингге катышышкан. Фарид Ниязов менен Канат Сагымбаев да бошотулгандардын арасында болушкан. Нааразылык акциясынын аягында Садыр Жапаровдун тарапташтары менен кагылыш орун алып, натыйжада 7 адам жабыркаган.

Эртеси күнү, 10-октябрда массалык башаламандыктар фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаев жана анын тарапташтары кармалган.

Темирлан Султанбеков 10-октябрда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген. Камакта болгон кезде, Султанбеков кат жазып, анда ага коркутуулар болуп жатканын билдирген. Анын айтымында, изолятордогу конвоир аны «матраимовдук кыйноолор» менен коркуткан. 11-октябрда Султанбеков ачкачылык жарыялаган.

Султанбековдон тышкары башка да көптөгөн саясатчылар, анын ичинде Атамбаев да эки жансакчысы Канат Сагымбаев жана Дамир Мусакеев менен кошо кармалган. Ошол эле күнү мурдагы президенттин эки уулу — Сеид жана Кадыр Атамбаевдер кармалганы белгилүү болгон. Кийин экөө кайра бошотулган.

УКМКнын тогузунчу бөлүмүнүн мурдагы кызматкери жана Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канатбек Сагымбаев УКМКнын ТИЗОсунда Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуу боюнча айыпкер катары кармалып турган.

6-октябрда митингдер өтүп жатканда ал бошотулуп, 10-октябрда кайра камалган. Атамбаевди, анын үй-бүлө мүчөлөрүн жана жакын үзөңгүлөштөрүн кармоо Бишкекте парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда башталган массалык башаламандыктардан кийин болгон. 6-октябрга караган түнү Атамбаевдин тарапташтары ага тергөө абагынан эркиндикке чыгууга жардам беришкен болчу.