Талас: Эс алуучулар менен УКМК кызматкерлеринин мушташы. Мекеме иликтөө баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомиттин басма сөз кызматы Таласта УКМК кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, анда травматикалык курал колдонулбаганын билдирди.

Ведомство буга чейин ЖМКларда УКМК кызматкерлери эс алуучуларды травматикалык тапанча колдонуп сабашкан деп айтылган маалыматтарга ушундай комментарий берди.

УКМКнын маалыматына караганда, окуя 20-июнда болгон. Улуттук коопсуздук комитети кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуп, көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлаганын дагы четке кагып жатат.

«УКМК кызматкерлери жергиликтүү тургунду коркутуп-үркүтүү жолу менен көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбур кылышкан делген маалымат чындыкка коошпойт, себеби кайым айтышуудан кийин чыр, тараптар өз ара ымалага келгенине байланыштуу токтогон», — деп ишендиришти УКМКдан.

Окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине карата чара көрүлөт.

ЖМКларда эмне деп жазылган?

Мурдараак Kaktus.medi басылмасы Козучак аймагындагы «Беш-Таш» эс алуу жайынын жээгинде кечки саат 8:00дө эс алуучулар менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосунда кайым айтыш чыгып, натыйжада атайын кызматтын өкүлдөрү травматикалык тапанча колдонушканын билдирген.

«УКМКнын кызматкерлери травматикалык куралдарын алып чыгып, абага ок чыгарышкан. Андан соң эс алуучулардын биринин башына курал такап, кийин тапанчасын оозуна салышкан», — деп баяндаган басылма.

Басылманын маалыматына ылайык, окуяга жерине келген аймактык милиция кызматкери күбө болгон.

Kaktus.media билдиргендей, жабыркагандардын бирөөсү ооруканага кайрылып, экинчиси арыз жазган, дагы бирөө күч орган кызматкерлерине каршы чыгуудан коркуп жашынып жүрөт.

Ошол эле учурда, милицияга кайрылган жабырлануучуну УКМКнын кызматкерлери «коркутуп», өздөрүнө каршы көрсөтмөсүн өзгөртүүгө мажбурлаганы айтылган.