Акыркы суткада СOVID-19дан беш бейтап каза таап, илдетти 822 адам жуктурду

Республикалык штаб акыркы суткада коронавирустан беш адам каза таапканын билдирди. Үч адам Бишкекте, Ош менен Чүй облустарында бирден киши каза болду.

Штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда пандемия учурунда жалпысынан 1 958 адам каза болду. Алардын баарында коронавирус тастыкталган.

Сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 822 жаңы учуру катталды.

  • Бишкек — 300;
  • Ош — 70;
  • Чүй облусу — 207;
  • Ош облусу — 93;
  • Талас облусу — 9;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 20;
  • Жалал-Абад облусу — 80;
  • Баткен облусу — 42.

Жалпысынан пандемия учурунда Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 118 106 адамга жетти.

Штабдан билдиришкендей, сутка ичинде 475 адам оорудан айыгып, оорукадан чыгарылган. Өлкө ичинде пандемия башталгандан бери COVID-19 жуктурган жана пневмонияга кабылган 106 858 бейтап айыгып чыккан.

Акыркы суткада коронавирус жуктурган медицина кызматкерлердин саны 21 адамга жетти. Пандемияда башталгандан бери жалпысынан медиктердин арасында 5 208 учур катталган. Айыккандардын саны 4 807 адамды түзөт.

Республикалык штабдын 24-июнга карата маалыматына ылайык, Кыргызстанда COVID-19дан 2 604 адам ооруканада дарыланууда, алардын ичинен 120сы — өтө оор абалда. Андан тышкары, 5 626 адам амбулатордук шартта дарыланууда.