Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн. Орусия анын өндүрүш баасын көтөрдү

Жакынкы арада күйүүчү жана майлоочу майга болгон баалар жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтрейдерлер Ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов 24-июндагы басма сөз жыйында билдирди.

Эшатовдун айтымында, кымбаттатууга Орусиянын айрым заводдору июндун ортосунан баштап күйүүчү майдын өндүрүш баасын жогорулатканы себеп болгон. Мындай кырдаал майдын баасын 2%га же 1-1,5 сомго жогорулатат.

Асоцциация төрагасы мындай кырдаалга карабай Кыргызстанда күйүүчү майдын тартыш болбосун, ал эми баанын жогорулашы — «бул дүйнөлүк тенденция» экенин белгилеген.

Ошондой эле, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Сагын Маматоморов Кыргызстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгы 1,2 млн тонна экенин, анын 1 млн тоннасы Орусиядан бажы төлөмүсүз алып келинип, калган 200 миң тоннасы Кыргызстанда иштелип чыгарын айткан.

«Биз Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен биргеликте күйүчү майдын баасын ооздуктоо боюнча иш алып барып жатабыз, кызыл кулактыкты аныктоо боюнча да иш жүрүп жатат. Антимонополиялык орган биздин базарда бааны ооздуктап жатат», — деди Маматоморов Кыргызстанда 1-мартта тартып күйүүчү майды чыгарууга тыюу салынганын эске салып.

Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин отун саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Талант Маматеминов Кыргызстан Орусия менен пошлинасыз жеткирүүлөрдү көбөйтүү боюнча иш баштаганын билдирди.

«Биз автоунаа бензинине 70 тонна жана дизелдик күйүүчү май үчүн 65 тонна түзөтүү киргизүүнү каалайбыз». — деп билдирген Маматеминов.

Күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы 2021-жылдын март айында эле айтып баштаган. Анда Ассоциациянын директору Канат Эшатов күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы бир нече факторлорго, сомдун девальвациясынан тартып Орусиядагы күйүүчү майдын жетишсиздигине чейин байланыштуу экенин айткан.

Эшатов азыркы учурда Россиядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдордо күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы, Кыргызстандагы кымбаттоонун негизги себептеринин бири деп атады.

Анын айтымында, бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин кымбаттаган — ошону менен бир литринин баасы 67% га же 14 сомго жогорулады, ал эми дизелдик күйүүчү май — тоннасы 360 доллардан 470 долларга көтөрүлдү — бул бир литр дизел 31%га же 8 сомго жогорулады дегенди түшүндүрөт.