«Спутник V» вакцинасы менен эми жаш курагына карабай бардыгы эмделет

Орусинын «Спутник V» вакцинасын мындан ары жаш курагына карабай Кыргызстандын бардык жарандары ала алышат. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Республикалык иммунопрофилактика (РИБ) борборунан билдиришти.

Мурда аталган вакцина 65 жаштан жогору курактагы жана өнөкөт оорулары бар жарандарга сайылчу.

Иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, вакцина Бишкектин №1, 2, 3, 5, 6, 7, жана №8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бар.

РИБ «Спутник V» вакцинасын борбор калаанын жана аймактардагы башка медициналык мекемелерден алса болор-болбосун айтышкан жок.

Орусиянын өндүрүшүнөн чыккан вакцинанын 80 миң дозадан турган акыркы партиясы Кыргызстанга 17 июнда алынып келген. Саламаттык сактоо министрлиги анда вакцина 40 миң адамды эмдөөгө жетээрин айткан.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орус вакцинасын Казакстандан сурайбыз деген.

«Казакстан гумантардык жардам көрсөтүүгө даяр. Алар вакцинаны Орусия менен биргеликте өндүрүп баштады*. 500 миң доза сурайлы деп жатканбыз, жок дегенде 100 миң доза берет деп үмүттөнөбүз», — деген министр.

*Казакстан Орусия менен биргеликте Караганда фармацевтикалык комплексинин базасында «Спутник V» вакцинасын чыгарып жатат.

Ал вакцинаны Казакстандан ташып келүүдө маселе жаралбашы керек деп белгилеген.

«Спутник V» вакцинасынан тышкары Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm вакцинасы дагы бар.

300 миң дозадан турган вакцинаны Кытай акысыз берген. Алгачкы 150 миң доза өлкөгө мартта алынып келген. Ал эми вакцинанын экинчи партиясын — калган 150 дозасын, Кыргызстандын бийлиги бир нече жумадан бери алып келе албай жатат.

Аны алып келүү Кытайга болгон авиа каттамдар жок болуп аткандыктан кечигип жатканы кабарланган.

«Вакцина 20-июнда даяр болгон. Аны Кыргызстанга алып келүүгө UNICEF көмөктөшүп жатат. Азыркы тапта аба каттамдары чектелүү болгондуктан, уюм препаратты Түркия аркылуу чартердик каттам менен алып келүүнү көздөп жатат. Вакцинаны жеткирүү саламаттык сактоо министрлигинен көз каранды эмес, ал аба каттамдарына байланышкан абалдан улам кечигип жатат», — деп билдирген Республикалык иммунопрофиликалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова.

Мындан тышкары, Кыргызстанга AstraZeneca [азыркы аталышы Vaxzevria] вакцинасынын келиши дагы күтүлүп жатканы белгилүү. Анын жеткирүү мөөнөтү азырынча белгисиз, бирок макулдашуу боюнча ал Түштүк Кореядан келүүгө тийиш.

Ал арада Кыргызстанда, 25-июнга карата вакцинанын биринчи дозасын 102 303 адам алган, экинчи доза менен 75 122 адам эмделген.