Сутка ичинде COVID-19 илдетинен алты адам каза тапты

Республикалык ыкчам штабдын 25-июнга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 875 учуру катталып, алты адам каза тапты. Каза болгондордун бешөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда — алар ооруканада дарыланып жатышкан.

Учурда стационарда 2702 бейтап жатат, алардын 132си өтө оор абалда, 858 жарандын абалы оор деп бааланууда. Жалпысынан 5862 бейтап амбулатордук түрдө дарыланууда.

Ошондой эле, оору жуктургандардын арасында 23 медкызматкер бар. Акыркы суткада стационардан алты, үй карантининен беш медкызматкер чыгарылды. Ал эми республика боюнча коронавирус 5231 медкызматкерге жугуп, анын 4818 сакайды.

Оору жуктургандар аймактар боюнча:

  • Бишкек — 395;
  • Ош облусу — 109;
  • Ош — 55;
  • Чүй облусу — 128;
  • Жалал-Абад облусу — 90;
  • Баткен облусу — 49;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Талас облусу— 12;

Ошондой эле өткөн суткада 533 адам ооруканадан айыгып чыгып, айыккандардын жалпы саны 10 7391 адамды түздү. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 118 981 адам коронавирус жуктуруп, 1 964 киши каза болду.