Коронавируска каршы эмделгени тууралуу сертификат берүү боюнча онлайн-сервис ишке кирди

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 28-июнда онлайн-сервис ишке киргизилгенин билдирди, ал аркылуу COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алса болот.

Сервис саламаттык сактоо министрлиги «Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ишке киргизилди. Ал электрондук кызматтар порталында жайгашкан: portal.tunduk.kg.

«Электрондук сертификат COVID-19га каршы вакцина сайылганы тууралуу маалыматтарды камтыйт, анын ичинде сертификаттын маалыматтарынын аныктыгын текшерүү үчүн QR-код бар», — деп билдиришти министрликтен.

Сертификатты кантип алса болот?

Коронавирус каршы эмделгени тууралуу сертификатты алуу үчүн portal.tunduk.kg порталында катталуу керек. Ошол эле кезде сайтта катталуу үчүн жарандарда электрондук кол тамга болушу керек*, ал Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) берилет.

*Эгерде сизде электрондук кол тамга жок болсо, анда сиз порталга кире албайсыз.

Вакцина алгандан кийин эмделгени тууралуу сертификат алыш үчүн жаран порталда бир нече кадамды аткарышы керек:

  • portal.tunduk.kg порталына кирүү;
  • «Саламаттык сактоо бөлүмүндө» «COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алуу» бөлүмүн тандоо;
  • электрондук сертификат алуу үчүн билдирме жөнөтүү.

«Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны басып чыгартып же pdf-форматтагы документ катары сактап алса болот. Анда ишенимдүүлүгүн текшерүүчү QR-код болот», — деп белгилешти саламаттык сактоо министрлигинен.

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы убакта «Эмдөө алгандардын реестри» тутумун түзүү иштери аяктап калды. Анда вакцина алган чет элдиктер жана Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматтар болот.

Саламаттык сактоо министрлигинен түшүндүрүшкөндөй, системанын жардамы менен медициналык мекемелер сертификат бере алат жана онлайн сертификат алууда кыйналып жаткандарга альтернатива боло алат.