Сокулукта 10 жашар кызды зордуктоого аракет кылган шектүү кармалды

Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы Сокулукта 10 жашар өспүрүмдү зордуктоого шектелген жаран кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, зордуктоо аракети болгонун эселек кыздын апасы кабарлаган. Ал 10 жаштагы кызын кошунасы зордуктоого аракет кылганын, ал кызды үйүнө алдап барып киргизгенин айтып берген.

Аталган факты КЖБРге «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет» беренеси боюнча катталды. Издөө учурунда милиция 50 жаштагы шектүүнү колго түшүрүп, убактылуу кармоочу жайга киргизди.

«Тинтүү учурунда шектүүнүн үйүнөн эки аң уулоо куралы табылган, алар боюнча экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүруш уланып жатат», — деп билдиришти Чүй ОИИБнен.