Temirov Live Акылбек Жапаровдун Мальтадагы оффшорлор менен байланышын тапты

Temirov Live ютуб-каналынын журналисттери министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун Мальтадагы оффшорлор менен байланышын иликтешти.

Акылбек Жапаров.

Алар аткаминердин жакын туугандарынын Европа аралындагы оффшордук бизнес уюштурууга көмөк көрсөткөн ири компания менен байланышын аныкташкан.

Бай тууган-урук

Рахатбек Жапаров. 

Журналист Актилек Капаровдун маалыматына таянсак, Акылбек Жапаровдун бир тууган иниси Рахатбек Жапаровдун балдары дүйнө кыдырып саякаттап, люкс класстагы автоууналарды тээп, кымбат баалуу сааттарды тагынып жүрүшөт. Ал эми ал балдардын атасы өмүр бою мамлекеттик жумуштарда иштеп келген, анын наамына катталган бир дагы компания жок.

«Бирок ал анын аялы Нургүл Алимовада бар. Рахатбек Жапаровдун наамында бир да машина жок, ал эми аялынын наамына дароо үч машине катталган», — деп белгилейт журналист.

Ошондой эле, Temirov Live каналынын маалыматында, үй-бүлөлүк сүрөттөрдүн биринде Жапаров менен чогуу экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров түшкөн. Ал «Альфатроникс» фирмасынын директору болуп эсептелет, фирманын ээси — чет элдик «Альфатроникс Лимитед» компаниясы.

Damas мейманканасы менен байланыштар

Иликтөөдө Акылбек Жапаров Damas мейманканасына тиешеси бар экендигин четке кагып жатат деп белгиленген. Бирок журналисттер документ табышкан, ага ылайык, Damas мейманканасынын соода маркасы «Глобалико Холдингс» компаниясынын наамына катталган. «Глобалико Холдингсти» Уланбек Абыкеев жетектейт. Ал Акылбек Жапаровдун 2011-жылдагы президенттик шайлоодогу ишенимдүү адамы.

«Ал эми бул компаниянын ээси “Глобалико Холдингс Лимитед” деген чет элдик компания. Linkedin түйүнүнүн колдонуучусу Максат Акылбекович ушул компаниянын ээси экенин көрсөткөн. Ал эми Акылбек Жапаровдун чынында эле Максат аттуу уулу бар», — дейт Капаров.

Журналисттер эномика жана финансы министринин аялы Анара Жапарованын «Глобалико Холдингс Лимитед» компаниясы менен дагы байланышы бар экенин аныкташкан.

Мальтадагы оффшорлор

Temirov Live’дын журналисттери Акылбек Жапаровдун жакын туугандары менен Мальтадагы оффшордук бизнес уюштуруучу ири фирманын байланышын табышкан. Оффшордук бизнес түзүүгө комөктөшүүчү фирманын ээси Питер Мамо аттуу адам. Дал ушул Мамо «Глобалико Холдингс Лимитед» компанияларынын директору дагы болуп эсептелет. Ал эми «Глобалико Холдингс Лимитеддин» башкы директору Жапаровдун уулу, «Альфатроникс Лимитедди» болсо экономика жана финансы министринин орун басары жана жакын тууганы башкарат.

Андан тышкары, OCCRP басылмасынын малыматына ылайык, жогоруда аты аталган фирмалардын баары Perfin Services Limited компаниясына тиешелүү. Ал эми журналисттер Perfin Services Limited менен Акылбек Жапаровдун аялы менен байланышын таап чыгышкан.

«Жапаров менен Мальтадагы оффшордук компаниялардын ортосунда кыйыр гана байланыш бар. Түз байланышты табыш керек, бирок оффшорлор дал ошол себептен, аларды табууга мүмкүнчүлүк болбошу үчүн негизделет», — деди Капаров.