Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11 млрд кубометрди түздү, бирок бул дагы деле аз

«Улуттук энергохолдингдин» туунду компаниясы болуп саналган «Электр станциялар» ААКы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 28-июнга карата 11,006 млрд кубометрди түзгөнүн билдирди. Былтыр ушул убакытта суунун көлөмү 13,4 млрд кубометр болчу.

Компаниядан белгилешкендей, жылдын бул мезгилине карата суунун агып келүүсү төмөн бойдон калууда. Бүгүнкү күндө ал секундуна 590 кубометрди түзөт*.

*Токтогул суу сактагычынын суу батыра алган максималдуу көлөмү 19,5 млрд кубометрди, минималдуу 5 млрд кубометрди түзөт.

«Учурда вегетациялык мезгил кызуу болуп турганда муздуу массалар дагы жакшы эриши керек эле. Бирок Нарын дайрасынын жогору жактарында кыш үч жылдан бери аз карлуу болуп жатканы таасир этпей койбот экен. Кыргызстандыктарды электр энергиясын акыл калчап үнөмдөөгө чакырабыз», — деп билдирди фейсбукта мекеменин басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.

«Позитивдүү ой жүгүртүү» керек

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын августунда өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартышы жараларын билдирген. Бул жөнүндө ал 2020-жылдын август айында айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд куб метр суу жетишсиз болчу.

Ошол эле учурда мурдагы бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2020-жылдын декабрынын аягында «Түндүкэлектр» 2021-жылдын 1-апрелине чейин чарба муктаждыктары үчүн керектөөчүлөргө үч фазалуу системасына кошулууга уруксат берилбесин билдирген. Ал кезде аталган чара «кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн, анын ичинде калкка электр энергиясын үзгултүксүз берүү үчүн» кабыл алынганын белгилешкен.

24-мартта мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу абалга келгенин парламентке билдирген.

Анда Турдубаев бул кырдаалдан чыгууга өкмөт бардык чараларды көрүп баштагандыгын айткан. Ал чаралардын бири Казакстан жана Өзбекстандан электр энергияны импорттоо деп атап, сатып алуу марттын башында башталганын кошумчалаган.

*Электр энергиясы коңшу өлкөлөрдөн алынаары тууралуу мурда президент Садыр Жапаров билдирген. Анда «абал жакшы эместигин», суу аз болуп атканы «катастрофага» алып келиши мүмкүндүгүн айткан.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

16-июнда энергетика министри Доскул Бекмурзаев эгерде позитивдүү ой жүгүртсө Кыргызстанда энергетикалык кризис болбойт деп билдирген.

«Эгерде жамандыкты көп айтса берсек, ошондой эле боло берет. Ошондуктан жакшы ой жүгүртүп иштешибиз керек. Энергетиктер штаттык тартипте иштеп жатат, агрегаттарды алып келип жатышат. Электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Күз жана кышкы жылытуу мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагындагы оңдоолордон улам жер жерлерде жарык өчүрүлүп жатат. Элди буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис болбойт», — деп билдирген аткаминер.

Бирок көп өтпөй кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынан электр энергиясын үй жылытууга жана «башка термикалык процесстер» үчүн колдонууга толугу менен тыюу салуу киргизилип жатканы тууралуу кат жүзүндө билдирме ала башташкан.

«Түндүкэлектр» ишканасынан бул аргасыз чара экенин, ал күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясына таңкыстык жаралган учурда гана колдонулаарын билдиришкен.

Тема боюнча:

Энергетика министри өлкөдө «энергетикалык кризис жок» деп позитивдүү ой жүгүртүүгө чакырды

Энергетикалык кризис жок, бирок электр кубаты менен жылытууга тыюу салынат. Энергетиктер эскертет