Энергетикалык кризис жок, бирок электр кубаты менен жылытууга тыюу салынат. Энергетиктер эскертет

Дем алыш күндөрү кыргызстандыктар «Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынан электр энергиясын үй жылытууга жана «башка термикалык процесстер» үчүн колдонууга толугу менен тыюу салуу киргизилип жатканы тууралуу кат жүзүндө билдирме ала башташкан.

«Түндүкэлектр» ишканасынан бул аргасыз чара экенин, ал күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясына таңкыстык жаралган учурда гана колдонулаарын билдиришти.

«Мындай аракеттер Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр кубатынын дефицити жаралып калышы мүмкүн болуп жаткандыгына байланыштуу жасалууда. Мындай чектөө электр энергиясынын үч фазалуу системасы кошулган абоненттерге тийиштүү, көбүнесе жеке сектордогуларга», — деп жазат Sputnik.kg «Түндүкэлектр» ишканасына таянып.

Макала жарык көрөөр алдында «Клооп» бул маселе боюнча «Чыгышэлектр» ишканасынан комментарий ала алган жок.

Билдирме каттары

Кат жүзүндө келген билдирмелерде тыюу «Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли кыйла аз болуп, электр энергиясы тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу» киргизилгени көрсөтүлгөн.

«Жылытуу мезгилинде сизге электр жылыткычтарын жана башка жабдууларды колдонууга тыюу салынат. Эгерде тыюу бузулса сизге электр энергиясын берүү боюнча жеке чектөө коюлат», — деп айтылат билдирмеде.

Ошондой эле катта энергетиктер «эркине каршы чектөө киргизүүгө жеткирбеш үчүн жылытуунун альтернативдик булактарын алдын-ала даярдап алууну» суранышкан.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, мындай билдирмелер Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын тургундарына тапшырылган.

«Позитивдүү ой жүгүртүү» керек

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын августунда өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартышы жараларын билдирген. Бул жөнүндө ал 2020-жылдын август айында айткан. Ал кезде Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд куб метр суу жетишсиз болчу.

Ошол эле учурда мурдагы бийлик электр энергиясын пайдалануу боюнча элге чектөө киргизбесин убада кылган. Бийлик суу сактагычта суу жетишсиз болуп атканын бир нече жылга улана турган суу тартыштыгы менен байланыштырган.

2020-жылы Кыргызстан Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу Казакстандан электр энергиясын сатып алууга аргасыз болгон.

Бирок, 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашып, суук түшкөндө жарык баары бир деле өчүрүлөрү белгилүү болгон: алгач электртутумуна болгон жүктөмдүн көптүгүнөн автоматтык түрдө жарык өчүп турган. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр энергиясын үнөмдөп, үйлөрдү жылытуу үчүн газ жана көмүр колдонууга чакырган.

2020-жылдын декабрынын аягында «Түндүкэлектр» 2021-жылдын 1-апрелине чейин чарба муктаждыктары үчүн керектөөчүлөргө үч фазалуу системасына кошулууга уруксат берилбесин билдирген. Ал кезде аталган чара «кыштан ийгиликтүү чыгуу үчүн, анын ичинде калкка электр энергиясын үзгултүксүз берүү үчүн» кабыл алынганын белгилешкен.

2021-жылдын жазында Кыргызстан кризистен чыгуу үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен 2022-жылдын жаз айларана чейин 1650 кВт/саат электр энергиясын камсыздоо тууралуу макулдашууга кол койгон. Акысына 2023-жылга чейин жыл сайын жай айларында өлкөдөн сугат үчүн суу агызып турат.

Алгачкы агызуулар 1-июнда башталган. Ошол эле мезгилде, фермерлер жана айыл-чарба министрлиги өлкө кургакчылыктын чегине жетип калганын, Чүй облусунда түшүмдөн кол жууп калуу коркунучу пайда болгонун айтышууда. Суу жетишсиздигинен улам Бишкек шаарында дагы сугат суусунун тартыштыгы жаралган.

Тема боюнча:Кургакчылык. Суунун бир бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанга электрдин акысына берилип жатат

Энергетика министрлиги электр, жылуулук жана ысык суунун тарифтерин көтөрүүнү сунуштады

16-июнда энергетика министри Доскул Бекмурзаев эгерде позитивдүү ой жүгүртсө Кыргызстанда энергетикалык кризис болбойт деп билдирген.

«Эгерде жамандыкты көп айтса берсек, ошондой эле боло берет. Ошондуктан жакшы ой жүгүртүп иштешибиз керек. Энергетиктер штаттык тартипте иштеп жатат, агрегаттарды алып келип жатышат. Электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Күз жана кышкы жылытуу мезгилдерине даярдык көрүүнүн алкагындагы оңдоолордон улам жер жерлерде жарык өчүрүлүп жатат. Элди буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Кыргызстанда эч кандай энергетикалык кризис болбойт», — деген аткаминер.