Аксынын тургунун сабоого шектелип аялы менен уулу кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 59 жаштагы тургуну жубайы менен уулунан токмок жегенин айтып милицияга арыз жазды. «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иш ачылып, шектүүлөр 48 саатка кармалды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, окуя 25-июнда саат 20:00 чамасында болгон.

Аксы РИИБине Авлетим айыл аймагынын тургуну арыз менен кайрылып, 58 жаштагы аялы жана 26 жаштагы баласы экөөлөп үйүнүн ичине камап алып, уруп, денесине залал келтиргендигин билдирген.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар 2021-жылдын 27-июнунда Аксы РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.