ПЧР-тест терс жыйынтык көрсөттү. Министр Бейшеналиев жумушка чыкты

Буга чейин коронавирус жуктурган саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 29-июнда жумушка чыкты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Ал таң эрте Суворов атындагы аскер окуу жайынын жетекчилиги менен жолугуп, коронавирус инфекциясына кабылгандар үчүн койка орун камдоо маселесин талкуулаганы айтылды.

Сүрөт: Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы

«Бүгүнкү күндө министрдин абалы канааттандыраарлык, ПЧР-тест терс жыйынтык көрсөттү», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Ошондой эле, саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатканын айтып, оорунун оор өткөнүнө карабай үй карантинин сактоого чакырууда.

Саламаттык сактоо министри коронавирус оорусун жуктуруп алганы тууралуу маалымат 25-июнда айтылган. Анда Бейшеналиев өзү оорунун биринчи белгилери бир нече күн мурда пайда болгонун, бирок ага карабай жумушка келип жатканын билдирген.

«Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышат. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарыланып жатам. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек», — деген ал.

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү. Медициналык изилдөөлөрдө «уу коргошун» өтө уулу өсүмдүк экени баса белгиленип, аны дары катары колдонуу өмүргө коркунуч жаратаары эскертилген. Салттуу тышкы колдонуу дагы өлүмгө алып келет.

27-июнда министрлик Бейшеналиев үй карантининде экенин жана дарыланып жатканын билдирген. Ведомство министрдин өнөкөт оорулары болгонуна карабай, вакцина алганынын таасири менен оору жеңил өтүп жатканын белгилеген.

29-июнга карата өлкөдө коронавирустун 1 092 жаңы учуру катталып, 10 бейтап көз жумду. Жалпысынан пандемия башталганы Кыргызстанда COVID-19 оорусунан 1 992 киши каза болду.