Министр Бейшеналиев коронавирус жуктурду, ал уу коргошун ичип жатат

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктурганы аныкталганын билдирди.

Анын айтымында, илдеттин биринчи белгилери анда бир нече күн мурда пайда болгон.

«Мурдагы күнү абалым начарлап, дене табым көтөрүлгөн. Дароо коронавируска тест тапшырсам оору жуктурганым аныкталды. Ошол бойдон эч жакка чыккан жокмун. Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышат. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарыланып жатам. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек», — деди ал.

Ысык-Көл тамыры же аконит же болбосо күрөшчү, уулуу өсүмдүктөрдүн катарына кирет, ал «ит өлүмү», «кечилдин калпагы», «карышкыр уусу», «уулардын ханышасы» деген аттар менен да белгилүү. Медициналык изилдөөлөрдө «уу коргошун» өтө уулу өсүмдүк экени баса белгиленип, аны дары катары колдонуу өмүргө коркунуч жаратаары эскертилген. Салттуу тышкы колдонуу дагы өлүмгө алып келет.

Бейшеналиев мурда коронавирус менен оорубаганын белгиледи. Ошол эле кезде, апрелдин аягында өлкөдө эмдөө старт алып, министр биринчилерден болуп Кытайдын Sinopharm вакцинасын сайдырган.

Ысык-Көл тамырынын тундурмасы

Ысык-Көл тамырын COVID-19га каршы дары деп Садыр Жапаров өзү айтып чыккан. 15-апрелде ал социалдык тармактагы барактарында билдирүү жазып, жергиликтүү дарыгерлер «оору башталганда барсаңыздар бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты» деп билдирген.

Бул ыкма — уу коргошун, же аконит менен дарылоо экени белгилүү болгон.

Кийинчерээк Facebook компаниясы Жапаровдун постторун «жалган маалымат» деп өчүргөнү белгилүү болгон. Бирок президенттин аппаратынан Жапаровдун уу коргошун тууралуу билдирүүлөрү «тышкы кийлигишүүсү» жок эле өчүрүлгөнүн айтышкан.

Уу коргошундун зыяны жоктугун далилдөө үчүн Бейшеналиев 16-апрелде өткөн басма сөз жыйында түз эфирде кайнатма ичкен.

Министр президент Садыр Жапаров менен бирге коронавирусту дарылоо үчүн уу коргошунду активдүү пропаганда кылууда. Мисалга, Жапаров социалдык тармактардагы барактарында Ысык-Көл тамырынын жардамы менен жергиликтүү врачтар коронавирусту «бир-эки күндүн ичинде оорубашталган» дарылап коё алышат деп билдирген.

Ал эми Бейшеналиев ведомство уу коргошунджун кайнатмасын коронавирус менен ооругандарга эле эмес, төртүнчү даражадагы онкологиялык оорулууларга да берилип жатканын билдирген болчу.

Анын айтымында, акониттин кайнатмасы менен Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында, Улуттук госпиталда, Токмок жана Ош шаарынын ооруканаларында дарылашкан. Ал бейтаптарга врачтардын көзөмөлү менен эсептелген гана дозасы берилип жатканын, андыктан уулануу болбошу керектигин айткан. Бирок ооруканалардын өзүндө буга байланыштуу үн катышкан эмес.

Уу коргошундун кайнатмасы Токмоктун ооруканасында берилгени так белгилүү. Бул тууралуу журналисттерге бейтаптар өздөрү жана ошол медициналык жайдын врачтары айтып беришкен. Бейтаптардын айтымында, айрым оорулуулар аларга эмне суюуктук берилип жатканын билишкен эмес.

Парламент депутаттары жыйында Бейшеналиевди кескин сынга алып, ага отставкага кетүүнү сунушташкан.

«Бизде эмне, врачтар жокпу? Ошончо жылдан бери эмгектенип келе жаткан бүтүндөй кыргыз медицинасын так ушул министр абдан уят кылды. Бүт дүйнө, дүйнөлүк илимдин адамдары таппай жаткан нерсени, «мына деп тапканы» бул күлкүлүү. Кокус, коронавирус менен ооруган бейтап айыкса аны уу коргошундан жакшы болду деп, ал эми өлүп калса СOVID-19дан өлдү коюу адатка айланат. Буга ким жооп берет? Мындай министрди [кызматтан алууну], [...] биз премьер-министрге сунушташыбыз керек — аны кызмат ордунан алып, анын ордуна, сабаттуу, компетенттүү министрди дайындашыбыз керек», — деген анда депутат Жанар Акаев.

Саламаттык сактоо министри өзү аконит клиникалык сыноодон өтүп жатканын жана азырынча каттоодон өтпөгөнүн айткан. Бирок июндун башында Бейшеналиев парламент депутаттарына клиникалык сыноолор аягына чыкты, азыр илимпоздордун пикирин күтүп жатабыз деп билдирген.

Бирок, ошол эле мезгилде Бейшеналиев уу коргошун өлүмгө алып келерин дагы бир нече жолу кайталаган. ЖМКда министр түз эфирде аконит ичкенден кийин уулануунун белгиси менен ооруканага түшкөн бир нече учур болгону жазылган.

Министр уу коргошунду үй шартында колдонгон адамдар үчүн жоопкерчилик албасын билдирген. ДССУнун миссиясы коронавирусту Ысык-Көл тамыры менен дарылоо мүмкүн эместигин айткан.