COVID-19: Тогуз киши каза болду, 1 392 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 1-июлда өлкөдө коронавирустун 1 392 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 46 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 803 (19 медик);

Чүй облусунда — 197 (алты медик);

Жалал-Абад облусунда — 97 (бир медик);

Баткен облусунда — 83 (13 медик);

Ош шаарында — 78 (үч медик);

Ош облусунда — 60 (эки медик);

Ысык-Көл облусунда — 37 (бир медик);

Талас облусунда — 20 (бир медик);

Нарын облусунда — 17.

Ошондой эле өткөн суткада 616 бейтап айыкты. Бишкек шаарында — 258, Ош шаарында — 112, Ош облусунда — 101, Чүй облусунда — 80, Ысык-Көл облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 19, Баткен облусунда — 16, Нарын облусунда алты жана Талас облусунда төрт киши илдеттен сакайды.

Мындан сырткары COVID-19дан тогуз бейтап каза болду — алардын бешөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, Чүй жана Баткен облустарында бирден.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 126 395ке жетти — алардын 5 454ү медкызматкер. Оорудан 110 698 бейтап айыгып, 2 009 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 3 553 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын 188и өтө оор абалда. Мындан сырткары 9 055 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.