Депуттар каникулга кетти, бирок кезексиз жыйынга чогулушат

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары 30-июнда кезектеги сессиясын жыйынтыктап, каникулга кетишти.

Бирок парламенттин регламентине карабастан, ал боюнча депутаттардын каникулу 1-сентябрга чейин уланышы керек эле, эл өкүлдөрү кайрадан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чогулушат.

Жыйындын аягында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев спикер Талант Мамытовдун катын окуп берди. Катта жаңы Конституция кабыл алынганына байланыштуу кезексиз жыйын өткөрүү сунушу айтылат.

«COVID-19 жуктуруу учурлары көбөйгөнүнө байланыштуу сессия өткөрүү сунушу бар. Ошондуктан кезексиз жыйынды 5-30-июлдун аралыгында өткөрүү туура болот деп эсептейм», — деди Сыдыгалиев.

Ошондой эле, депутаттар 7-июлда кезексиз отурумга чогулууну пландап жатканын депутат Дастан Бекешев телеграм-каналы аркылуу билдирди.

Анда депутаттар жаңы Конституцияга ылайыкталган шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө добуш беришет. Ал мыйзам кабыл алынбаса кийинки парламенттик шайлоону дайындоого мүмкүн болбой калат.