Президент ЖРТда эң көп упай алган 66 бүтүрүүчүгө «Алтын сертификат» тапшырды

Президент Садыр Жапаров 1-июлда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды.

Өлкө башчы салтанатка катышкан бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктап, артыкчылык сертификатын алып жатышкандыгы менен куттуктады.

«Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жеңүүчүлөрү, эң мыкты бүтүрүүчүлөрүбүз менен сыймыктанып турабыз. Сиздер ушул тапта келечек кесибиңерди тандап, улуу максаттарды алдыга коюп, багытыңарды аныктап алганыңыздарга толугу менен ишенем. Алган билимиңер, топтогон тажрыйбаңар Ата Мекен үчүн пайда алып келгендей болсун», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал абитуриенттердин мындай натыйжага көрсөткөнүнө мугалимдер менен ата-энелердин кошкон салымы баа жеткис экенин айтты. Жапаров ЖРТдан «Алтын сертификат» алгандардын саны жыл сайын өсүп жатканын, анын ичинде аймактардан мыкты окуучулар суурулуп чыгып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, 17 жылдын ичинде 700дөн ашуун бүтүрүүчү «Алтын сертификат» менен сыйланган. Жапаров 2020-жылдагы пандемия билим берүүгө кедергесин тийгизгенине карабастан «көп ийгиликтер жаралып жатат» деп кошумчалады.

«Сиздер билим алууга эч нерсе тоскоолдук кыла албасын далилдеп, өзүңөрдү көрсөтө алдыңар. Сиздердин Артыкчылык сертификаттардын негизинде Кыргызстандагы каалаган мамлекеттик окуу жайына, каалаган адистикке конкурстан тышкары окууга өтүүгө укугуңар бар», — деди президент.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын бардык аймактарынан 66 улан-кыз эң жогорку упайга ээ болду.