«Коопсуз шаар». Кытай компаниясы менен келишим 2022-жылдын мартына чейин узартылды

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Коопсуз шаар» долбоорунун эксинчи этабын ишке ашыруу үчүн Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытай компаниясы менен келишимди кайрадан узартуу чечимин кабыл алды.

Келишим узартылганы тууралуу маалыматты 24.kg басылмасына санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди. Анын айтымында, Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd ведомствого Соода-өнөр-жай палатасынын каты аркылуу кайрылып, тендерди ишке ашыруу тапшырмасын экинчи жолу дагы аткара албай калышынын себебин түшүндүргөн — буга коронавирус пандемиясы себеп экени айтылган.

«Биз бул сертификат менен тааныштык. Долбоор өз мөөнөтүндө ишке ашкан эмес, буга компаниянын күнөөсү жок деген чечимге келдик. Атайын комиссия түзүлгөн. Ал долбоорду дагы канча убакытка узартса болорун эсептеди. Натыйжада 2022-жылдын 10-марты деген мөөнөт коюлду», — деп билдирди Асел Кененбаева.

Тендерге ылайык иштин аяктоо мөөнөтү 2020-жыл деп көрсөтүлгөн. Бирок андан кийин келишим 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган.

«Коопсуз шаар» жана Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd

Жол кыймыл эрежелерин бузууну каттаган жана аны алдын алган «Коопсуз шаар» системасы толук кандуу 2019-жылдын 4-мартынан тартып иштей баштаган. Ал Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жана Чүй облусундагы эл аралык мааниге ээ авто жолдордо автоунаа кыймылдарын күнү-түнү каттап жана кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

2020-жылдын августунда Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (МТБМК) Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы башталганын, ал өлкөнү толук камтый турганын маалымдаган.

Жалпысынан бийлик 306 түйүндү аппараттык-программалык комплекстер менен жабдууну пландоодо. Алардын ичинен 266сы стационардык жана 40 көчмө түйүн. Мындан тышкары, ар кайсы түрдөгү үч миңден ашуун камераларды орнотуу пландалууда.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы «Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd» кытайлык компаниясы утуп алган. Ал долбоорду ишке ашырууга эң төмөн баа сунуштаган — 2 млрд 655 млн сом.

Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd — инновациялык кытай компаниясы, анын расмий сайтында айтылгандай, ал билим берүүдө, медицинада жана башка тармактарда автоматташтырылган жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырат. Ал 1997-жылы негизделген. Reutersтин маалыматы боюнча, компания Шэньчжэнь фонд биржасына 2010-жылы катталган. Компания өзүн акылдуу шаар жаатында Кытайдагы жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды өндүрүүчү алдыңкы ишкана катары көрсөтөт.

Кытай компаниясы жана кыргызстандыктардын кармалышы

2019-жылы декабрда Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясынын өкүлдөрүнөн акча опузалоого айыпталып Сыргак Кенжебаев кармалган. Кенжебаев — бизнесмен жана экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу. Бул кармоо Айтматованын коррупцияга каршы активдүүлүгүн шартында жүргөндүктөн, окуяга саясий боёк берилип калган.

Ал Алматы аэропортунда кытай ишкеринен «Коопсуз шаарды» ишке киргизүү боюнча тендерге көмөк көрсөтүү үчүн 350 миң доллар опузалады деген шек менен кармалган. Мотайлифу (Муталифа) Маймайтямингдин адвокаты Жанара Аскар кызы басма сөз жыйында кытай жараны Кенжебаевдин үстүнөн УКМКга арызданганын айтып берген.

«Менин арыздануучум [укук коргоо органдарына] декабрдын башында кайрылган — өнөктөшү [Кенжебаев] паспортун кайтарып бербей жатат. Бул окуялардын кийин, Кенжебаев анын паспортун кайтарып бергенден соң, алгач ал андан 350 доллар алып кетип, андан соң дагы 250 миң доллар талап кылган», — деген адвокат.

Адвокат Кенжебаев менен Маймайтямингдин ортосундагы түзүлгөн келишим делген документти далил катары келтирген. Анын айтымында, Кенжебаев анын кардарын ИИМдеги байланыштары менен коркуткан, ошондуктан алар «14 же 15-декабрда» УКМКга кайрылышкан. Кийин УКМК алдамчылыкка байланыштуу ишти ИИМге өткөрүп берип, ага дагы бир иш кошулган — бул дагы Кенжебаев акыйкатсыз чечим чыгарууга таасир эте алган адам катары фигурант болгон алдамчылык боюнча иш.

Маймайтяминг-Кенжебаев иши алдамчылык катары каралган. ИИМде эмне себептен кытай ишкери макул болуп, тендерди утуу үчүн пара берген деген суроо жаралган эмес. Ал тургай тендердин жыйынтыгын дагы эч ким жокко чыгарган эмес. 2020-жылдын аягында ишти Бишкектин Биринчи май сотуна өткөрүп беришкен. Ал иш боюнча кандай өкүм чыкканы белгисиз.

2021-жылдын май айынын аягында УКМК санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевди Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытай компаниясынан 2,6 млн сом опузалоого айыптап кармаган.

Аталган министрликтин экс-башчысы Дыйканбаев Садыр Жапаровго кат жазып, бул компаниячнын айланасындагы алдамчылыктар менен тендер жөнүндө айтып берген. Президенттик администрациядан бул иште тергөө чекит коёт деп жооп берген.