Президенттин маалымат кызматы Дыйканбаевдин айткандарын четке какты

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыра турган Кытай компаниясынан пара талап кылууга шектелген Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары – мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаевдин кайрылуусуна президенттин басма сөз кызматы жооп кайтарды.

Буга чейин Дыйканбаев адвокат Кайсын Абакиров аркылуу президент Садыр Жапаровго ачык кат жолдогон болчу. Анда ал «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашыра турган Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясынын келишимин кепилденген акча төлөнбөгөнү жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан бул компания Кытайдан акчанын изин жашырып жаткан болушу ыктымал деген кат алгандыктан узартпаганын айткан. Ал ошондой эле бул кадамга мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыгын эске алуу менен барганын билдирип, эч кандай күнөөсү жок экенин белгилеген. Дыйканбаев кайрылуусунда министрле кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен президенттин Эрнис аттуу жардамчысынын атын атаган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, 2019-жылы «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу боюнча жарыяланган тендерге Кытайдын Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы катышып, 2 млрд 654 млн 558 миң 940 сом сунуштап, жеңүүчү деп табылган. Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети долбоорду ишке ашырууга 5 млрд 791 млн 764 миң 960 сом жумшоону пландаган. Кытайдын компаниясы сунуштаган баа баштапкы нарктан 54,2%га төмөн болгон.

Бирок коронавирус пандемиясынан улам компания иштерин белгисиз мөөнөткө жылдырган. Анткен менен быйыл долбоорду мурда айтылган баа менен ишке ашырууга даярдыгын билдирген.

«2021-жылы дүйнөлүк экономикалык кырдаалдын өзгөргөнүнө карабастан, аталган компания долбоорду мурда бекитилген суммада (2 654 558 940 сом) ишке ашырууга даяр экендигин билдирген. Ага карабастан, тергөөнүн версиясы боюнча, Азамат Дыйканбаев да арасында болгон чиновниктердин тобу башка компанияларды тартуу менен «Коопсуз шаар» долбоорун беш миллиард сомдон ашык жогорулатылган баа менен ишке ашырууга түздөн-түз кызыкдар болгон», — деп айтылат маалыматта.

Президенттин басма сөз кызматы учурда окуянын чоо-жайы компетенттүү органдар тарабынан тергелип жатканын жана келип чыккан бардык жагдайларды эске алуу менен акыркы чекит коюлушу керек деп эсептейт. Андан сырткары бул иштеги тараптар тергөөнүн жүрүшүн жана коомдук пикирди өздөрүнө ыңгайлуу болгондой бурмалабашы маанилүү экенин баса белгилеген.

Азамат Дыйканбаевдин кармалышы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 20-майда Азамат Дыйканбаевди «пара опузалоого» шектеп кармаган. Маалыматка ылайык, Дыйканбаевге карата арызды «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырган чет өлкөлүк компания жазган. Арыз берүүчүлөр Дыйканбаев долбоор боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу маселесин оң чечип берүү үчүн «ири өлчөмдөгү пара опузалаганын» билдиришкен.

Азамат Дыйканбаев

Дыйканбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары даражасындагы санариптик өнүктүрүү министри болуп 5-майда дайындалган болчу. Буга чейин ал Телекоммуникация жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору болуп иштеген.

2020-жылдын ноябрь айында «Жарандык көзөмөл комитети» Дыйканбаев радиожыштыктардын лицензияларын жокко чыгарып же операторлорго көтөрө алгыс бааларды коюп жатканына нааразы болушкан. Комитет мындан улам миңдеген абоненттер интернетсиз калуу коркунучунда турганын билдирген.

Ал эми Дыйканбаев бул айыптарды четке кагып, алар байланышты өнүктүрбөй, радиожыштыктарды кайрадан сатууга аракеттенген компаниялардын лицензияларын жокко чыгарганын билдирген. Ошондой эле, Дыйканбаев лицензиясынан ажыраган компанияларга карата буга чейин кылмыш иштери козголгонун айткан.