Ош шаарында жоголуп табылган наристени уурдоого шектелип 38 жаштагы киши кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

Ош шаарында эки жарым жашар наристени уурдоого шектелип Ош облусунун Алай районунун 38 жаштагы тургуну кармалды. Ал ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, 2-июлда шаардын тургуну эки жарым жашар кызы белгисиз себептерден улам жоголуп кеткенин айтып арыз менен кайрылган.

Ыкчам тергөө тобу жерине барып наристе жашаган үйдүн айланасындагы видео байкоочу камераларды карагап чыгып 35-40 чамасындагы эркек киши кызга сүйлөп аны ээрчитип кеткенин аныкташкан.

Аталган факты «Киши уурдоо» беренеси менен катталып, кыз изделе баштаган. Мындан сырткары кыздын жакындары соцтармактарга анын жоголгондугу тууралуу да жарыя беришкен.

Анда саат 15:30дан чамасында Манас-Ата кичи районундагы №27 мектептин айланасында эки жарым жаштагы Эльзана жоголгону маалымдалган. Аталган постту фейсбукта 3,3 миң киши бөлүшкөн.

Натыйжада наристе милициянын Ак-Буура бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү 2-3 сааттан кийин шаар четиндеги Учар айылынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле кыз табылган учурдагы тасма фейсбукка жарыяланды.

Анда кыз үйүнөн чыкканда көйнөкчөн болгону, ал эми табылган учурда ич көйнөк жана шортыда болгону айтылган.

«Кыз аман эсен табылды. Бирок Учардан табылды да...», — деген тасманын автору.

Андан кийин милиционерлер тасмадагы кишинин өздүгүн аныктап, аны суракка алып келишкен. Шектүү Алай районунун 38 жаштагы тургуну аныкталган. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кызга тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды.