Ысык-Көлдө майып аялды зордуктаган киши 10 жылга эркинен ажыратылды

«Теңдик» майып адамдардын коомдук уюмунун союзунун башчысы Гүлмира Казакунова «Клооптун» журналистине Ысык-Көл облустук соту майып аялды зордуктоого айыпталган кишини күнөөлүү деп тапканын билдирди.

Казакунованын айтымында, зордуктоо үстүбүздөгү жылдын жаз айыларында орун алган. Ал эми айыпталуучу аялды алдоо жолу менен үйүнө чакырып, андан кийин зордуктаган. Укук коргоочу айыпталуучу буга чейин да бир нече жолу соттолгонун белгиледи.

Ошондой эле, ал аял эки инстанцияда тең утуп алганын маалымдады. Айыпталуучу райондук соттун чечимин даттанганда облустук сот 10 жылга кесүү өкүмүн күчүндө калтырган.

«Ал жоопкерчиликтен кутулуп кетет деген жагдайлар болду. Ошондуктан биз БУУ-Аялдарга, парламенттин спикеринин гендердик кеңешине жана Акыйкатчы аппаратына кайрылдык», — деп түшүндүрдү ал.

Уюмдун башчысы аталган окуяга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу ишти жаап салууга жол бербөөгө жардам бергенин кошумчалады.

«Майыптыгы бар кыздар дискриминацияга эки эсе туш болушат. Биринчиден ал аял болгону үчүн, экинчиден ал майып болгону үчүн. Алар зордуктоо болгон учурда алсыз болушат», — дейт Казакунова.