COVID-19дан 10 адам каза болуп, 1 401 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын 4-июлга карата маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустун жаңы 1401 учуру катталып, 10 адам каза болду. Жаңы катталган учурлардын арасында 38 медициналык кызматкер бар.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 907;

Чүй облусу- 175;

Жалал-Абад облусу- 105;

Баткен облусу 82;

Ош шаары — 50;

Ысык-Көл облусу — 32;

Ош облусу — 20;

Нарын облусу — 17;

Талас облусу — 13.

Оорудан каза болгондордун бешөө Бишкекте, Жалал-Абад жана Чүй облустарында экиден, бирөө Нарын облусунда катталды.

Мындан сырткары, өткөн суткада 710 адам ооруканадан айыкты. Жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 130 633кө жетти — алардын ичинде 5 543 медик бар. Ооругандардын 112 644ү айыгып, 2 037 адам каза болду.

Учурда стационарда 3 864 бейтап даарыланып жатат — алардын ичинен 174 бейтап өтө оор абалда, 1 097 бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Ал эми 10 318 бейтап амбулатордук түрдө даарыланып жатат.