«Эки аялдуулук». АШК «Келечек-Будущее» партиясынын талапкеринин аракетинде мыйзам бузууну тапкан жок

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы эки аял алууну мыйзамдаштырууну убадалаган «Келечек — Будущее» партиясынын талапкери Назира Абдыкаимованын үгүт иштеринде шайлоо мыйзамдарын бузууну аныктаган жок.

1-июлда Бишкек шаардык кеңешке аттанган «Келечек — Будущее» партиясынын фейсбуктагы баракчасында эки аял алууну мыйзамдаштыруу керектиги айтылган эки үгүт видеосу жарыяланган.

Анда партиянын талапкери Назира Абдыкаимова аталган демилге «көптөгөн социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечет» деген пикирин билдирген. Өз сөзүн ал «өлкөдө көптөгөн мыйзамсыз никелер жана балдар бар» деп негиздеген.

Ал эми «Реформа» партиясы «Келечек — Будущее» партиясынын үстүнөн «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо» жөнүндө мыйзамын бузган деп, Бишкек АШКсына кайрылган. Анда алар партия Жазык кодекси боюнча эки аялдуулук кылмыш экенин эскертип, шайлоочуларды эки аял алууга үгүт жүргүзүп жатат деп эсептешкен.

*Жазык кодексинде «Эки жана андан көп аял алуу» беренеси боюнча 120 сааттан 200 саатка чейин коомдук иштер, 1 жылдан 1,5 жылга чейин түзөтүү жумуштар же 100 миңден 140 миң сомго чейин айып пул каралган.

Ал эми «Келечек — Будущее» партиясынын лидери, парламенттин депутаты Чыңгыз Макешов «Реформанын» арызын «кош стандарт» деп атап, Абдыкаимованын кайрылуусу «жеке ага таандык» деп ишендирди. Анткен менен талапкер «биздин партия эки аялдуулук үчүн» деп айткан.